ЖАРМАНКЕ: УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ ОЙЛОП ТАПКАН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЗА ТОЮТ

  • 20.08.2024
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери гидропоникалык жашыл тоют, башкача айтканда, жер кыртышын колдонбостон дан эгиндеринен өстүрүлгөн тоют ойлоп табышкан. Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус жарманкесинде ушул долбоорду эл алдына алып чыгышты.

Бул жаныбарлар менен канаттуулар үчүн мыкты азык. Муну университеттин студенттери үч жыл мурун ойлоп табышкан.

— Долбоор NOMAD GARDEN деп аталат. Башы биздин университеттин студенттеринин идеясы. Окуу жайдын Энактус командасынын бир мүчөсү коронавирустан улам карантинде үйүндө жатканда витаминдердин жетишсиздигине кабылган. Ошондо кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп, ушул витаминдүү чөптү ойлоп таап, алгач өзүнүн үйүндө өстүрүп баштаган. Кийин командасы менен изилдеп отуруп муну малга тоют катары колдонсо жакшы болорун табышкан. Алгач үй шартында өстүрүп, кийин сатыкка чыгарууну пландашкан, — дейт долбоордун азыркы улантуучусу 4-курстун студенти Энактус командасынын мүчөсү Арзыматов Жакшылык.

Энактус командасынын азыркы мүчөлөрү бул долбоорду улантып, башында балкондордо чакан бокстарга өстүрүп сатып башташкан. Азыр болсо фермерлерге атайын өстүрө турган жайларды куруп берүүнүн үстүндө иштешүүдө.

Башка жайлардан 100 кв метрден 33 кг тоют алына турган болсо, балдар тургузган жайлардан 3200 килограммга чейин жашыл тоют алууга болот. Бул тоюттун көлөмүн алда канча көбөйтүп, сууну үнөмдөйт. Анткени алар тамчылатуу жолу менен сугарылат жана андан аккан суу кайра фильтрленип колдонулат.

— Фермерлер үчүн абдан жакшы. Биринчиден, экологиялык жактан таза болсо, экинчиден, мал абдан тез семирет. Натыйжада фермерлер бир топ чыгымдарын азайта алышат, — дейт долбоордун катышуучулары.

Окуу жайдын студенттери эң мыкты стартап долбоорлордун тобуна кирип, Америкага чейин барып келишкен. Көптөгөн гранттарды утуп алышкан. Ушул жылы Энактус-2024 улуттук кубогунда чемпион болушту.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер