ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ 20-МАЙДА БАШТАЛАТ
- 03.05.2023
- 0
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат.
Маалыматка ылайык, тест төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
I этап — 20-21-май, 19-май — тест борборлорун даярдоо күнү;
II этап — 23-24-май, 22-май — тест борборлорун даярдоо күнү;
III этап — 23-24-июнь — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө, 22-июнь — тест борборлорун даярдоо күнү.
Катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19-май, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер