ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ УЮМДАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫКТЫЯРДУУ НЕГИЗДЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК (СЫНАМА ЖАНА НЕГИЗГИ) ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

  • 06.10.2023
  • 0

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ УЮМДАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫКТЫЯРДУУ НЕГИЗДЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК (СЫНАМА ЖАНА НЕГИЗГИ) ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ыктыярдуу негизде (сынама жана негизги) республикалык тестирлөөсү жөнүндө

БУЙРУГУ

24.08.2023-жыл, №4935/1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу, окуучулардын жетишкендиктеринин жалпы билим берүү программаларынын талаптарына ылайык келүү даражасын, окутуу процессине жана билим берүүнүн сапатына көз карандысыз баа берүү, окуучуларды мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына, которуу жана кирүү экзамендерине даярдоо, алардын тесттик контролдун жол-жоболору боюнча көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча системалуу аныктоону, ошондой эле сынама жана негизги тестирлөөнү ыктыярдуу негизде уюштурууну камсыдоо максатында буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ыктыярдуу негизде республикалык (сынама жана негизги) тестирлөөсү жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  2. Жалпы билим берүү уюмдарында 9, 10 жана 11-класстардын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөөнү өткөрүүнүн ар жылдык графиктин төмөнкүдөй этаптары мөөнөттөрү менен белгиленсин:

— I этап – сынама тестирлөө жыл сайын 15-октябрдан 20-декабрга чейин;

-II этап – сынама тестирлөө жыл сайын 20-январдан 15-мартка чейин;

— III этап – негизги тестирлөө жыл сайын 15-апрелден 15-майга чейин.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору (мындан ары — ББСБМТУБ) (Б.Шамшидинова):

— жалпы билим берүү уюмдарынын 9, 10 жана 11-класстарынын окуучуларын ушул буйруктун 2-пунктунда белгиленген ар жылдык графикке ылайык ыктыярдуу негизде тестирлөө өткөрүүнү камсыз кылсын;

— жалпы билим берүү предметтери боюнча контролдук-өлчөө материалдары менен тестирлөөнүн жол-жобосу алдын ала каралсын;

— жалпы билим берүү предметтери боюнча контролдук-өлчөө материалдарынын (тесттик материалдардын) мазмуну мектептеги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын, негизги жана орто мектептердин предметтик стандарттарынын жана окуу программаларынын базалык деңгээлине ылайык келүүсүн камсыз кылсын;

— тестирлөө өткөрүлгөн күндөн тартып 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен билим берүүнүн мамлекеттик башкаруунун региондук органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын берилишин камсыз кылсын;

  1. Ош билим берүү институтунун, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун, Чүй облустук билим берүү усулдук бөлүмүнүн, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустук усулдук билим берүү борборлорунун, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана бардык типтеги жана менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери:

— окуучуларды тестирлөөнүн мөөнөттөрү жана формалары жөнүндө окуучулардын, ата-энелердин жана педагогикалык коомчулуктун арасында системалуу түрдө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

— ушул буйруктун 2-пунктунда белгиленген ар жылдык графикке ылайык тестирлөө өткөрүүнүн конкреттүү даталарын ББСБМТУБ менен макулдашуунун негизинде дайыма аныктасын;

— белгиленген форма боюнча тестирлөөгө катышуу үчүн окуучулар боюнча билдирмелерди тестирлөө башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен төмөнкү Е-mail дарегине: [email protected] (ББСБМТУБ) жөнөтсүн;

— тестирлөө өткөрүү үчүн региондук зоналарды түзүүгө (зонада 150дөн кем эмес окуучу) жана билим берүүнү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ичинен тестирлөөнү уюштурууга жооптуу адистерди дайындасын;

— ташып жеткирүү жана тестирлөө мезгилдеринде окуучулар үчүн бардык зарыл болгон коопсуз шарттарды камсыздасын.

  1. «Кут Билим» медиа борборунун директору (К.Чекиров) бул буйрукту жарыяласын.
  2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (К.Акматов) жүктөлсүн.

Министр К.К. Иманалиев

 

Тиркеме 1

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2023-жылдын 24-августундагы №4935/1 буйругу менен

БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык (сынама жана негизги) тест жүргүзүү жөнүндө

ЖОБО

  1. Жалпы жоболор.
  2. Тестти өткөрүү жайы жана мөөнөттөрү.

III. Тестти уюштуруу жана өткөрүү тартиби.

  1. Тестке катышуунун тартиби.
  2. Тесттердин дизайны.
  3. Тесттин жыйынтыгын чыгаруу.

VII. Тестти каржылоо.

  1. Жалпы жобо
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө (сынама жана негизги) жөнүндө бул Жобо (мындан ары – Жобо) окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо жана өткөрүү максаттарын жана милдеттерин, жалпы билим берүү уюмдарынын 9, 10 жана 11-класстарынын окуучуларынын ыктыярдуу негизде тестирлөөгө катышуусун уюштурууну жана функционалдык түзүмү менен тартибин аныктайт.
  3. Жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жаатында колдонуудагы укуктук жана ченемдик документтерине ылайык иштелип чыккан локалдык акт болуп саналат, ошондой эле локалдык актылар:

— Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилди;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты». 22-июль, 2022-жыл, №393 (мындан ары – Мамлекеттик стандарт);

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому «Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө» токтому. 10-февраль, 2012-жыл, №85;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер” токтому, «Жалпы билим берүү уюмдарынын иш режимин түзүүгө, күтүүгө жана уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптары». 11-апрель, 2016-жыл, №201 (мындан ары-санитардык-эпидемиологиялык эрежелер);

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин камкорчулар кеңеши жөнүндө типтүү жобо» токтому. 23-август, 2022-жыл, №468;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борборунун Уставы. Кыргыз Республикасынын ББИМ буйругу. 21-ноябрь, 2018-жыл, №1432/1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө КҮБӨЛҮК. 4-декабрь, 2018-жыл, №9636-3301-У-е.

  1. Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 9, 10 жана 11-класстарынын окуучуларынын арасында республикалык тестирлөө (сынама жана негизги) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору (мындан ары текстте — ББСБМТУБ) тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Бул Жободо тиешелүү аныктамалары бар төмөнкү терминдер колдонулат:

— Аудитория/класс боюнча тест администратор (мындан ары – тест администратор) – тестирлөө мезгилинде аудиторияда/класста (мындан ары – ТӨЖ) тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби үчүн жооптуу адам;

— Тестирлөө – окуучулардын окуу материалды канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүн, билимин жана жөндөмүн аныктоого багытталган текшерүүнүн бир түрү. Анда билим берүү программасынын негизги изилденген темалары боюнча жалпыланган материал камтылган;

— Туура жооп коддору – бардык тест тапшырмаларына туура жооптордун көрсөткүчтөрүнүн жыйындысы;

— Бланктык тестирлөө – атайын кагаз бланктарында өткөрүлүүчү аралыктык, жылдык же жыйынтыктоочу аттестациянын формасы.

— Техникалык апелляциялык комиссиянын отурумунун протоколу – апелляцияга арыз берген талапкерлердин баллдарынын сандык өзгөргөндүгүн (же өзгөрбөгөндүгүн) ырастоочу атайын документ;

— Тест – белгилүү формадагы жана мазмундагы кыйынчылык деңгээли боюнча дифференцияланган тапшырмалардын системасы, ал билимдин, жөндөмдүн жана көндүмдөрдүн түзүмүн жана деңгээлин натыйжалуу баалоого мүмкүндүк берет;

— Тесттик тапшырма – шарттан (суроодон) жана тандоо үчүн жооптордун жыйындысынан турган тесттин минималдуу бирдиги; мазмунунун предметтик тазалыгынын, логикалык ырааттуулугунун, формасынын тууралыгынын талаптарына, көз карандысыздыктын, технологиялуулуктун жана натыйжалуулуктун талаптарына жооп берет;

— Тестирлөө ведомосту – тестирлөөгө катышкан окуучулардын жыйынтыктарын чагылдырган ведомость;

— Апелляциялык арыз – катышуучунун тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул эместигин билдирген расмий жазуу жүзүндөгү арызы;

— Билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органдары-Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, билим берүүнүн райондук жана шаардык бөлүмдөрү.

  1. Тесттин негизги максаттары:

— компьютердик же бланктык тестирлөөнү (баа берүүнүн орто аралык деңгээли) колдонуу менен I, II жана III билим берүү баскычтарынын окуучуларынын билим жетишкендиктеринин деңгээлине сынама көз карандысыз баалоо жүргүзүү;

— компьютердик же бланктык тестирлөөнү (баалоонун жыйынтыктоочу деңгээли) колдонуу менен мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга, которуу жана кирүү экзамендерине даярдык көрүү, I, II жана III билим берүү баскычтарынын окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктеринин деңгээлине негизги көз карандысыз баалоо жүргүзүү;

— окуучулардын билимин жана жөндөмүн тесттик контролдоо формаларын пайдалануу аркылуу жалпы билим берүүчү уюмдардын администрациясынын жана мугалимдеринин көндүмдөрүн өркүндөтүү;

— окуучулардын тестирлөө көндүмдөрүн калыптандыруу.

  1. Тесттин негизги максаттары:

— Мамлекеттик стандарттын негизинде окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо жана талдоо жүргүзүү;

— дисциплиналар боюнча окуучулардын теориялык билиминин деңгээлин аныктоо, окуучулардын билими менен шартталган дисциплиналар боюнча билимдердин, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн сапатын баалоо.

  1. Өткөрүү жери жана мөөнөтү
  2. Тестирлөөнү өткөрүүнун орду билим берүүнүн мамлекеттик башкармалыгын регионалдык органы жана ББСБМТУБнын биргелешкен чечими менен аныкталат.
  3. Билим берүүнүн мамлекеттик башкармалыгын регионалдык органы жана ББСБМТУБ төмөнкүлөр үчүн жооптуу:

— окуучуларды жайгаштыруу үчүн региондук базалык билим берүү уюмдарын (ТӨЖ) аныктоо жана бекитүү;

— ар бир класста, актовый жана спорт залдарында (мындан ары – аудиториялар) номерленген орундарды даярдоо;

— ар бир регион/ТӨЖ боюнча жооптуу адамдарды дайындоо;

— санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин ченемдерине ылайык тестирлөөнүн катышуучуларынын ден соолугун жана өмүрүн коргоону көзөмөлдөгөн ТӨЖдө шарттарды камсыз кылуу;

— бардык кызыкдар тараптарга, катышуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) тестирлөө өткөрүү мөөнөтү жана орду жөнүндө маалымдоо.

  1. Тестирлөө жыл сайын үч этапта төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:

— 15-октябрдан 20-декабрга чейин сынама тестирлөөнүн I этабы;

— 20-январдан 15-мартка чейин сынама тестирлөөнүн II этабы;

— 15-апрелден 15-майга чейинки негизги тестирлөө III этап.

Катышуучу тарабынан тестирлөөнүн ар бир этабы үчүн төлөм өзүнчө жүргүзүлөт.

  1. Республиканын тигил же бул регионунда (районунда) тестирлөө өткөрүүнүн дайындуу мөөнөтү жыл сайын билим берүүнүн мамлекеттик башкармалыгын регионалдык органы жана ББСБМТУБнын биргелешкен чечими менен ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык аныкталат.
  2. Тестирлөөнү уюштуруунун жол-жоболору жөнүндө юридикалык жак (жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси же билим берүүнүн мамлекеттик регионалдык органынын (башкармалыгынын, департаментинин) жооптуу адиси) менен ББСБМТУБнын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлөт.

III. Тестти уюштуруу жана өткөрүү тартиби

  1. Ыктыярдуу негизде тестти уюштуруу жана өткөрүү билим берүүдөгү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарынын (РББ/ШББ) жана жалпы билим берүүчү уюмдардын көмөктөшүүсү менен Борбор тарабынан ушул Жободо аныкталган тартипте ишке ашырылат.
  2. Сынама жана негизги тестирлөөнүн бардык этаптарында тест тапшыруучуга төмөнкү предметтердин үчөөсүн тандоо сунушталат:

— математика, геометрия, физика, химия, биология, тарых, география, эне тили (кыргыз, орус жана өзбек), чет тили (англис, немис жана француз), кыргыз тили (окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн окуучулар үчүн) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн окуучулар үчүн);

— «Адам жана коом» предмети 11-класстын окуучулары үчүн гана.

  1. Тесттин танаписи жок толук убактысы 3 саат 30 мүнөт: тесттен өтүүчүлөргө көрсөтмө берүүгө 30 мүнөт, окуу сабактарынан тест тапшырууга 3 саат. 1 сабактан тест тапшырууга 1 саат берилет. Тестирлөө учурунда тест өтүп жаткан окуучуга зарылчылыгына байланыштуу тест администратордун руксаты менен танапис берилет.
  2. Тестирлөө окуучунун окутуу тилинде: кыргыз же орус тилдеринде жүргүзүлөт. Окутуунун өзбек же тажик тилдеринде окуган окуучулар өздөрүнүн каалоосу боюнча кыргыз же орус тилдеринде тестирлөөгө катышууга укуктуу.
  3. Окуучулар ТӨЖдө тестке кирүү үчүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү кийинки документтердин негизинде тастыктоодон өтүшөт: паспорт, сүрөт менен мектептин мөөрү басылган маалымкат, Борбордун каттоо баракчасы. Каттоодон өткөндөн кийин окуучу каттоо баракчасында көрсөтүлгөн аудиториядан орун алат. Окуучулар үчүн катар саны белгиленген орундар бири-биринен 1-1,5 метр аралыкта жайгаштырылат.
  4. Тест башталганга чейин администраторлор окуучуларга жооптордун баракчасын толтуруу, тесттер менен иштөө жана ТӨЖдө жүрүм-турум эрежелери боюнча көрсөтмө беришет. Окуучуларга көрсөтмө берүүгө жана жооптордун баракчасынын маалыматтык бөлүгүн толтуруу үчүн 30 мүнөт
    берилет.
  5. Ушул Жобонун “Тестирлөөгө катышуунун тартиби” IV бөлүгүндө тест материалдары жоголгон учурда, тест тапшыруучу тесттин эрежесин бузса же жасалма документтерди жана жалган маалыматты берсе, тест администратор тесттин жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча ББСБМТУБга сунуштарды киргизүү укугу жөнгө салынат.
  6. Администратор тарабынан ТӨЖнын ар бир аудиториясында тест өткөрүлгөндүгү жөнүндө ушул Жобонун “Тестирлөө өткөрүү жөнүндө протоколдун формасы” 1-тиркемесине ылайык протокол түзүлөт.
  7. Тестирлөө жүргүзүү пункту менен аныкталган базалык мектептин администрациясынын милдеттерине төмөнкү функциялар кирет:

— санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин ченемдерин сактоо, имараттын ичинде жана аймагында коомдук тартипти сактоо бөлүгүндө тестирлөө өткөрүү үчүн билим берүү уюмунун аудиториясын даярдоо боюнча ишти координациялоо жана жүргүзүү, билим берүү уюмунун кызматкерлеринин, медициналык персоналдын жана укук коргоо органдарынын ичинен нөөмөтчүлөрдү дайындоо;

— тестирлөө башталганга чейин бир күн мурда билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органдарынын жооптуу адистери менен бирдикте ББСБМТУБнын администраторлору ушул Жобонун белгиленген талаптарына ылайык ТӨЖнын даярдыгын ушул Жобонун талаптарына ылайык кабыл алуу.

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, облустук институттардын жана билим берүүнүн усулдук борборлорунун (бөлүмдөрүнүн), билим берүүдөгү мамлекеттик башкаруунун региондук органдарынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын тестирлөөгө уюштуруучулук жана даярдык иштерин камсыз кылуу боюнча милдеттерине төмөнкүдөй функциялар кирет:

— жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын, ата-энелеринин, директорлорунун, директордун орун басарларынын жана мугалимдеринин арасында ыктыярдуу негизде окуучуларды тестирлөөнүн мөөнөттөрү, орду жана формалары жөнүндө системалуу түрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— тестирлөө башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен окуучуларды (мектептер жана класстар боюнча) каттоону жүргүзүү жана тестирлөөгө катышуу үчүн окуучулардын белгиленген формалары боюнча арыз берүү (ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелериндеги окуучунун арызынын формасы жана каттоо барагы) төмөнкү дарек боюнча: [email protected] (НЦОКОИТ);

— ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген графикке ылайык улуттук билим берүү борбору менен макулдашуу боюнча тестирлөө өткөрүүнүн конкреттүү күнүн аныктоо;

— тестирлөө үчүн аймакта региондук зоналарды аныктоо;

— билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органдарынын тестирлөөнү уюштурууга жооптуу адистеринен адамдарды дайындоо;

— ташуу жана тестирлөө мезгилинде окуучулар жана коштоп жүргөн адамдар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу.

  1. ББСБМТУБнын тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча милдеттерине төмөнкү функциялар
    кирет:

22.1. Тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы жетекчиликти ишке ашыруу:

— тестти уюштуруу менен өткөрүүдө бирдей талаптардын сакталышына жетекчилик кылат жана көзөмөл жүргүзөт;

— жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилерине жана мугалимдерине, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу жактарга) маалыматтык-түшүндүрүү иштерин этап боюнча уюштуруп, өткөрөт;

— тестирлөөнүн мазмуну жана методикасы маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна, орун басарларына жана мугалимдерине методикалык жардамды уюштуруу жана өткөрүү;

— тестирлөөгө катышкан бардык окуучулар үчүн бирдиктүү шарттарды түзүү;

— республиканын билим берүү уюмдарынын мугалимдеринен жана башка кызматкерлеринен жана ББСБМТУБнын кызматкерлеринен тестирлөө өткөрүү үчүн администраторлордун тизмесин түзүү;

— тесттик материалдарды ТӨЖгө жана кайра Борборго жеткирүү тартибин камсыздайт, мөөнөттөрдү жана транспорттук схемаларды белгилейт.

22.2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү катары тестирлөө формасында баалоо жүргүзүүнүн методикасын өз алдынча аныктоо, анын ичинде:

— окуучуларды каттоонун формаларын, протоколдорду, актыларды жана башка документтерди иштеп чыгуу;

— окуу дисциплиналары боюнча тестирлөөнүн натыйжаларын баалоо системасын иштеп чыгуу;

— кагаз жүзүндө компьютердик же бланктык тестирлөөнү колдонуу менен баалоонун формаларын иштеп чыгуу;

— программалык каражаттардын базасында тестирлөөнүн маалыматтары боюнча механизмдерди (компьютердик же бланктык) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

— туура жооптордун санын аныктоо үчүн тест тапшыруучунун жоопторун туура жооп коддору менен салыштырып текшерүү үчүн санариптик технологияны колдонуу менен тесттин натыйжаларын статистикалык иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— мазмуну Мамлекеттик стандартка, предметтик стандартка, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик программасына ылайык келген тесттерди иштеп чыгуу;

— тесттик материалдарды сактоодо жана иштеп чыгууда купуялуулукту, тестирлөөнүн натыйжаларын иштеп чыгууда купуялуулукту жана объективдүүлүктү камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу;

— тестирлөөдөн өтүп жаткан окуучулар жөнүндө маалыматтардын электрондук архивин (банкын) түзүү;

— тестирлөөдөн кийин 14 жумушчу күндүн ичинде тестирлөөнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана жыйынтыктарын берүү жол-жоболорун иштеп чыгуу.

  1. Тест администратордун милдеттерине төмөнкү функциялар кирет:

— аудиторияларда (залдарда) тесттин эрежелерин сактоону камсыздоо;

— тест тапшыруу үчүн окуучулардын өз орундарына отурушун камсыз кылуу;

— тестирлөөнүн тартиби жана өткөрүүнүн эрежелери менен таанышуу;

— бөлүнгөн аудиторияда тестирлөө учурунда жана аяктаганга чейин тартипти контролдоону ишке ашыруу;

— окуучунун тестирлөөгө катышкандыгынын фактысын жана кагаз түрүндөгү тестирлөөнүн натыйжаларын аудитория боюнча фиксациялоо (окуучулардын тизмесинин ведомосту);

— тест тапшыруучуларга жооп баракчасын, тесттик брошюранын мукабасын туура толтурууну катуу камсыз кылуу;

— тесттик материалдардын купуялуулугун жана сакталышын көзөмөлдөө;

— алынган тесттик материалдардын так отчеттуулугун камсыз кылуу;

— педагогикалык этиканы сактоо, тестирлөөнүн катышуучуларына, ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө), ТӨЖнын кызматкерлерине, коштоп жүргөн адамдарга жана башкаларга карата жылуу мамиледеги атмосферасын түзүү;

— тестирлөө аяктагандан кийин ББСБМТУБга тесттик тапшырмалардын сакталышын жана жеткирилишин камсыздоо. Тесттик тапшырмалар жана жооп барактары ББСБМТУБга таңгакталган түрдө жеткирилүүгө жана мектептин мөөрү менен чапталууга тийиш.

  1. Тестирлөөдөн өтүүчү окуучуларды коштоп барган жалпы билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктуу адамдары (мугалимдери) өз ишинде «Сынама жана негизги тестирлөөдөн өтүү үчүн тестирлөө өткөрүү пункттарына окуучуларды коштоп баруучу жалпы билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктуу адамдары (мугалимдери) үчүн нускамаларды» колдонушат. («Окуучуларды сынама жана негизги тестирлөөдөн өтүү үчүн тест өткөрүү пункттарына коштоп баруучу жалпы билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктуу адамдары (мугалимдери) үчүн нускама» ушул Жобонун 4-тиркемесинде).
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жалпы баштапкы, жалпы негизги, жалпы орто билим деңгээлине тест түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген, аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси)» тиркемесинин 10-бөлүмүнүн 5-пунктунда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат, 10-февраль, 2012-жыл, №85.
  3. I, II, III топтун майыптарынын балдарын, ошондой эле жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тестирлөөгө киргизүү ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. Жогорку категориядагы балдар тестирлөөдөн акысыз өтүшөт. Бул учурда жалпы билим берүү уюму ыйгарым укуктуу органдардан балдардын ден соолугунун абалы жөнүндө тиешелүү тастыктоочу документтер (көчүрмөлөр) менен өтүнмө берет (маалымкаттар, күбөлүктөр жана башкалар).
  4. Тестке катышуунун тартиби
  5. Бул Жобо менен тест тапшыруучулардын ыктыярдуу негизде тестирлөөгө катышуу тартиби, алардын укуктары жана милдеттери аныкталат.
  6. Тестирлөө башталаардын алдында окуучулар тестке катышуунун тартиби жөнүндө нускама менен таанышууга жана аны так сактоого милдеттүү.
  7. Табигый-математикалык циклдин предметтери боюнча тесттердин үстүндө иш аткарууда тест тапшыруучу эсептөөлөрдүн жүрүшүн көрсөткөн чечимдерди, сүрөттөрдү, чиймелерди барактардын бош орундарында аткарат.
  8. Тестирлөө аяктагандан кийин катышуучулар тестирлөөнүн материалдарын администраторлорго тапшырышат. Тест администраторлор каттоо номери, тест варианттары жана жооп баракчасынын маалыматтык бөлүгү туура толтурулгандыгын текшерет. Жооп баракчасынын маалыматтык бөлүгү туура эмес толтурулган учурда, тест тапшыруучу кемчиликтерди жеринде
    жоет.
  9. Тест учурунда окуучулардын иш столунда, тесттик материалдардан тышкары төмөнкүлөр болушу керек:
  10. a) шариктүү, кара (же көк) сыялуу 2 калемсап;
  11. b) инсандыгын тастыктоочу документ;
  12. c) дары жана тамак-аш (зарыл болсо).
  13. Бул жободо каралбаган башка буюмдарды окуучулар аудиторияда жеке буюмдарга атайын бөлүнгөн жерге калтырышат.
  14. Тест тапшыруучу төмөнкүлөргө:

— тестирлөөгө тиешелүү маселелер боюнча тест-администраторго, жооптуу адамга же билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органынын өкүлүнө кайрылууга;

— мөөнөтүнөн мурун тест тапшырмаларын аткарып бүтүп койгон учурда тест администратордун уруксаты менен аудиториядан кетүүгө;

— негизги тестирлөөнүн натыйжалары менен макул болбогон учурда апелляцияга кайрылууга жана апелляцияга оффлайн жана (же) онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга укуктуу.

  1. Тест тапшыруучунун милдеттери:

— тестирлөөгө кечикпөө, тестирлөө башталгандан кийин 30 мүнөткө кечиккен учурда тестирлөөнүн калган убактысынын чегинде кирүүгө жол берилиши мүмкүн;

— ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди алып келүүгө;

— администраторго келүүсү боюнча каттоо жүргүздүрүү жана жана каттоо барагында көрсөтүлгөн жерге өтүү;

— аудитория боюнча нөөмөтчүнүн көрсөтмөлөрүн аткаруу, коомдук жайда, тестирлөө болгон жерде жүрүм-турум этикасынын эрежелерин так сактоо, өзүн тартиптүү алып жүрүү жана администратордун түшүндүрмөсүн кунт коюп
угуу;

— эгерде окуучу негизги тестирлөөгө келбесе, анда анын каалоосу жана ББСБМТУБнын менен макулдугу менен тиешелүү документтерди берүү шартында билим берүүнүн мамлекеттик башкаруунун региондук органынын кошумча табыштамасынын негизинде, тест өткөрүү графиги дал келген учурда тестирлөөнү жакынкы ТӨЖда тапшырууга уруксат берилиши мүмкүн.

Эскертүү. Көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаган учурда окуучу тестирлөөгө киргизилбей калышы же тестирлөөдөн чыгарылышы мүмкүн.

  1. Тестирлөө учурунда тест тапшыруучуга тыюу салынат:

— тестирлөө учурунда аудиториядан себепсиз чыгып кетүү (дааратканага баруу, дары ичүү зарылдыгы, оору же башка себептуу шарттардан тышкаркы учурларда);

— көчүрүп алуу, ачык булактардан алынган тесттик материалдардын мазмуну боюнча маалыматты колдонуу, байланыштын мобилдик каражаттарын эсептөөчү электрондук апараттарды (уюлдук телефондор, кулакчындар ж.б.) колдонуу;

— тестирлөө үчүн бөлүнгөн орунду жана аудиторияны өз алдынча өзгөртүү;

— персоналдык компьютерди өчүрүү же күйгүзүү, тестирлөө программасынан башка компьютердик программаларды ачуу, оргтехниканын ордун өзгөртүү;

— окуу адабияттарын, маалымдама материалдарды, конспекттерди, байланыш каражаттарын ж.б. пайдаланууга.;

— жанында отурган окуучулар менен сүйлөшүү же алаксытуу.

Эскертүү. Тестирлөө убагында окуучудан уюлдук телефон жана (же) ачык булактардан алынган тесттик материалдардын мазмуну боюнча маалыматтар табылган учурда аудитория боюнча администратор билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органынын өкүлүнө жана ыйгарым укуктуу коштоочуга билдирет, эреже бузуу актысы түзүлөт, окуучуну тестирлөөдөн чыгаруу, тестирлөөнүн натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынат.

  1. Тесттердин дизайны
  2. Тесттердин дизайны жана тест өткөрүүнүн жол-жоболору стандартташтырылган тариздерде берилет. Стандартташтыруу тестке даярдануу жол-жоболорун, тестти өткөрүү шарттарын, жыйынтыктарды чыгаруу жана аларды чечмелөөнү камтыйт.
  3. Тесттер толугу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, окутуу сабактарынын мазмунун чагылдырат. Стандартташтырылган тесттер төмөнкү тесттик тапшырмалардын типтери менен берилет:

— жабык (бир туура жоопту тандоо менен);

— ачык (кыскача жооп менен);

— туура ырааттуулукту белгилөөгө карата;

— дал келүүнү белгилөөгө карата.

  1. Жабык типтеги тесттик тапшырма – сунушталган жооптордун ичинен бир туура жоопту тандоо тапшырмасы.
  2. Кыскача жообу менен ачык типтеги тесттик тапшырма – тест тапшыруучу жоопту өзү таба турган тапшырма. Табигый-математикалык сабактар боюнча – ал бүтүн сан.
  3. Туура ырааттуулукту белгилөөгө карата тесттик тапшырма – тапшырма кайсы бир топтордун бир өңчөй элементтеринен жана бул элементтерди иретке келтирүүнүн так туюндурмасынан
    турат.
  4. Дал келүүнү белгилөөгө карата тесттик тапшырма – тапшырма элементтердин эки тобунан жана алардын ортосундагы дал келүүлөрдү тандап алуу критерийинин так туюндурмасынан турат. Дал келүү 1:1 принциби боюнча белгиленет (1-топтун элементине 2-топтун бир гана элементи ылайык келет).
  5. Тесттин жыйынтыгын чыгаруу
  6. Тесттин жыйынтыгы ар бир предмет боюнча өзүнчө аныкталат:

— “Эң жакшы” баасы жалпы баллдын 75%дан кем эмес баллына коюлат;

— “Жакшы” баасы жалпы баллдын 60%дан кем эмес баллына коюлат;

— “Канааттандырарлык” баасы жалпы баллдын 45%дан кем эмес баллына коюлат;

— “Канааттандырарлык эмес” деген баа, жалпы баллдын 44%на жана андан төмөн баллдар үчүн коюлат.

  1. Лицейлер, гимназиялар жана башка билим берүүчү уюмдар тереңдетилип окутулган сабактарга (сабакка) «3», «4», «5» деген бааларды коюуга баллдардын санын өз алдынча аныкташат, бирок алар аталган Жобонун 42-пунктунда аныкталган баллдардын санынан төмөн болбошу керек.
  2. Тесттин жыйынтыктары Борбордо чыгарылат. Окуучулардын даярдык деңгээли заманбап, илимий негизделген баалоонун ыкмаларын колдонуу менен автоматташтырылган түрдө аныкталат. Негизги тесттин жыйынтыктары Борбордун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
  3. Жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери окуучулардын арызы боюнча сынама тесттердин жыйынтыктарын тийиштүү предметтер боюнча күнүмдүк (чейректик) баа катары, ал эми негизги (апрель-май) тесттин жыйынтыктарын тийиштүү предметтер боюнча көчүрүүчү (10-класс) жана бүтүрүүчү (9 жана 11-класс) экзамендик баа (оозеки экзамен) катары эсептөө укугуна ээ.
  4. Окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери математика боюнча, эне тили (кыргыз, орус, өзбек), кыргыз (окуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөндө) жана орус (окуу кыргыз тилинде жүргүзулгөндө) тилдери боюнча сынама жана негизги (апрель-май) тесттердин жыйынтыктарын (9, 10 жана 11-класстар) күнүмдүк баалар катары эсепке алуу чечимин кабыл
    алышат.
  5. Башталгыч, негизги жана орто мектептин окуучуларына келишимдик негизде жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгы окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери тарабынан тийиштүү сабактар боюнча күнүмдүк баалар катары эсепке алуу чечимин кабыл алат.
  6. Сынама тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча апелляциялык даттануулар каралбайт.
  7. Негизги тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын апелляциялык арыздарын, ошондой эле тестирлөө өткөрүүнүн жүрүшүндөгү талаш маселелерди кароо ББСБМТУБнын директорунун буйругу менен дайындалган техникалык апелляциялык комиссия тарабынан каралат.
  8. Техникалык апелляциялык комиссиянын иши ушул Жобонун “Ыктыярдуу негизде негизги тестирлөөнүн натыйжалары боюнча окуучулардын арыздарын кароо боюнча техникалык апелляциялык комиссиянын ишинин тартиби” 5-тиркемесине ылайык жөнгө салынат.

VII. Тестти каржылоо

  1. Окуучулардын тестирлөө өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдарын ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) ыктыярдуу негизде көтөрөт, мындан тышкары бул чыгымдарды жалпы билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (макулдашуу боюнча) жалпы билим берүү уюмунун директорунун өтүнүч катынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен издеп табышы мүмкүн.
  2. Окуучуларды тестирлөөгө коштоп барууга жана кайра алып келүүгө жооптуу ыйгарым укуктууларды командировкага жиберүү жалпы билим берүү уюмунун директорунун буйругунун негизинде ишке ашырылат.
  3. Окуучуларды тестирлөөгө коштоп барууга жана кайра алып келүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу адамдар үчүн иш сапар каражаттары жалпы билим берүү уюмунун камкордук кеңеши (макулдашуу боюнча) тарабынан жалпы билим берүү уюмунун директорунун өтүнүч катынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен изделиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 24-августундагы №4935/1 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык

(сынама жана негизги) тест жүргүзүү жөнүндөгү Жобосуна тиркеме

9, 10 жана 11-класстарынын окуучуларынын тестирлөөгө катышууга

АРЫЗДЫН ФОРМАСЫ

Шаары:________________________________

Облусу______________________________Району_______________________

Тестирлөө өтө турган жай/мектептин атылышы, дареги:____________________________________________________________

Өткөрүү мөөнөтү/саны, айы, жылы ___________________________________

к/сМЕКТЕП (статусу, номери, аталышы)Мектептин жайгашкан жериОкуучулардын саныБардыгы:
9-кл.10-кл.11-кл.
1.
2.
3.
ж.б.у.с.

Арызды жиберүүгө жоопкер адам/аты-жөнү____________________________

Арызды жиберүү мөөнөтү/саны, айы, жылы__________________________

Жоопкер адамдын контакттык телефону_________________________________

Жоопкер адамдын электрондук дареги е-mail):___________________________

Бөлүшүү

Комментарийлер