ЖАКШЫЛЫКТЫН КАДАМЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ
- 30.03.2026
- 0
Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы мектепке айыл өкмөтүнүн кызматкери Арстанбек Мокешов мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган кезектеги демилгесин ишке ашырып, окуучулар парламентине өз эсебинен баалуу белектерин тартуулады.

Мындай колдоо — жаш муундардын коомдук активдүүлүгүн арттырып, билимге болгон умтулуусун күчөтөт.
— Билимдүү жаштар — өлкөнүн тиреги. Биздин милдет — алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү, — деп белгиледи Арстан Майрамбекович өз сөзүндө.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы окуучулардын коомдук турмушка аралашуусуна жана лидерлик сапаттарын өстүрүүсүнө чоң өбөлгө болот. Ак ниеттүүлүгү жана мекенчилдиги үчүн Арстанбек Майрамбековичке мектеп администрациясынын атынан ыраазычылык билдирүү менен, мамлекеттик кызматында албан-албан ийгиликтерди каалашты.
Мындай кайрымдуу инсандардын колдоосу менен айылдын келечеги кең болот.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер