ЖАКШЫЛАР ДҮЙНӨДӨН КЕТПЕС БОЛСОЧУ

  • 19.11.2020
  • 0

12-ноябрда редакцияда иш кайнап, баарыбыз гезит чыгаруу менен алек болуп жаткан элек. Түш ооп калган кезде  министрликтин маалымат катчысы “Каныбек Исаков дүйнөдөн өтүп кетиптир, гезитке некролог берелик”, — деп  келиптир. Баарыбыз уккан кулагыбызга ишенбей, делдейип эле нес болуп отуруп калдык. Агайды минтип тез эле өтүп кетет деп эч кимибиз ойлобосок керек. Көрсө, агайды ажал чын эле колубуздан жулуп кетиптир.

ЖАКШЫЛАР ДҮЙНӨДӨН КЕТПЕС БОЛСОЧУ

Суук кабарды угаарыбыз менен жардамчысы Өмүрбекке телефон чалдык. Ал дагы кандай болуп кеткенин түшүнбөй калганын, бир саат мурун эле барып жолугуп кеткенин, “Эч нерсе эмес, мындан катуу кыйынчылыкты жеңгенбиз, муну дагы жеңебиз” деп, жакшы маанайда отурганын айтып, кейип калды.

Каныбек Исаковду биздин редакцияда иштеген журналисттерден тарта техникалык кызматкерлерге чейин тээ ректор кезинен бери жакшы билебиз жана аны өтө чечкиндүү, айткан убадасын аткарган, иштерман жетекчи катары сыйлачубуз. Бир жыл мурун жаңы министр болуп келгенде атайын редакцияга баш багып, ал-акыбалыбызды сурап, дагы бир жолу таанышып кеткен. Ошондон бир жума өтпөй эле эртең менен жумушка келсек, министрликтин 3-кабатынын коридору толугу менен ремонттолуп калыптыр. Баарыбыз таң калып, кечинде эле башкача эмес беле деп калдык. Ушинтип кыска мөөнөттүн ичинде министрликтин имараты толугу менен капиталдык ремонттон өтпөсө дагы, бир сыйра оңдолуп-түзөлүп, жаңыртылып, жаңыланып, заманбап жасалгаланып калды.

Таң калганыбыз күнүгө кечинде кетип эртең менен келсек эле баары жаркырап калат. Ишке тоскоол болгон бир жан жок. Түнү менен жасалып, эртең менен кызматкерлер келгенче жыйналып, таптаза болуп жуулуп калат. Көрсө, агай ошол иштин баарына кеткен чыгымды мамлекеттен эмес, сырткы булактардан таап жасатыптыр.

Анын мыкты менеджер экенин, инвестиция тартуу жагынан дагы алдына киши салбаган жакшы жөндөмү бар экенин баарыбыз жакшы билет эмеспизби. Ага ОшМУда жасалган иштер өзү эле далил болуп турат. Ал иштери аркылуу Каныбек Исаков жогорку окуу жайларынын ректорлоруна менеджерликтин мыкты үлгүсүн көрсөтүп кетти. Кесиптештери дагы аны “РЕКТОР-КУРУУЧУ” деп сыппатап жүрүшкөнүн билебиз. Себеби ал ректор болуп турган кезде ОшМУга 14-15 имарат курууга жетишкен.

Каныбек Абдуваситович мыкты реформатор дагы болчу. Мындай өзгөчөлүгүн министр болуп турганда дагы көрсөтө алды. Анын жетекчилик ишмердиги кыйын учурга, башкача айтканда, COVID-19 пандемиясы убагына туш келди. Баардык билим берүү мекемелери даярдыгы жок туруп аралыктан окууга өттү. Ошол кыйын кырдаалдан күчтүү командасы менен жалпы билим берүү тармагын аксатпай чыгарып кете алды. Мектеп окуучулары үчүн видеосабактар тартылып, методикалык колдонмолор иштелип чыкты. Электрондук-интернет ресурстары түзүлдү. Эң негизгиси, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлдү. Кыскасы,  агайдын күчү менен министрликте жана жалпы билим берүү тармагында көп олуттуу иштер аткарылды. Анын баарын азыр тизмектеп отуруунун кажети деле жок болсо керек. Ал иштер боюнча гезитке маек берүүгө даярданып жаткан кезде чет мамлекетке иш сапары менен кетип, андан кийин колу тийбей жатып, акыры акыркы кырдаалдан улам иштен кетип да калды.

Эмне дейбиз, кудайдын буйругунан качып кутула албайт экенбиз. Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кудайым бейишинен орун берсин. Агайдын артында мыкты шакирттеринен турган чоң мектеп калды. Ошол шакирттери атын өчүрбөй, баштаган ишин аягына чыгарат деген ишеним чоң. Агайдын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер