Талас: алдыңкы окуучуларга акчалай сыйлык
- 11.03.2026
- 0
2025–2026-окуу жылында Талас облусунун эң мыкты окуучуларынын жетишкендиктери жогору бааланат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин колдоосу менен билим берүү тармагында ийгилик жараткан окуучулар акчалай сыйлыктарга ээ болушат.
— Республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү үчүн: 1-орун — 70 000 сом; 2-орун — 50 000 сом жана 3-орун — 30 000 сом. Алтын сертификаттын ээлерине — 100 000 сом, ЖРТдан 200 баллдан жогору көрсөткүч алган окуучуларга — 50 000 сом акчалай сыйлык берилет, — дейт Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер