Жаңычыл мугалим — билимдүү муун
- 28.12.2025
- 0
Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл өкмөтүндөгү Акматбек Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шейше кызы Диляна заманбап билим берүүгө умтулган, үзгүлтүксүз өнүгүүнү максат кылган мугалим катары өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда.
“Zeen 5” республикалык олимпиадасына окуучуларын катышууга шыктандырып, алардын билимин сыноого жана өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жол ачты. Олимпиада онлайн форматта өтүп, катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Мугалимдин жетекчилиги алдында Сайнидинов Усман математика сабагы боюнча жетишкендиктери өзгөчө белгиленди. 40 суроого 20 мүнөттүн ичинде так жана ыкчам жооп берип, 80 балл топтогон окуучулар:

Шаршеев Нурболот,
Каримбердиева Бегимай
2-орунду ээлеп, күмүш медаль жана сертификат менен сыйланышты. Ал эми олимпиадага катышкандыгы үчүн дагы бир окуучу катышуу сертификатына ээ болду.
Бул ийгиликтер мугалимдин тынымсыз эмгегинин, жаңычыл ой жүгүртүүсүнүн жана окуучуларга болгон ишениминин жемиши.
Ал «Смарт мугалим» жана «Шар окуу» курстары боюнча онлайн форматта билим алып, жай айларында эки сертификатка ээ болгон. Ошондой эле октябрь айында офлайн негизинде өткөрүлгөн окууда активдүү катышып, «Санарип мугалим» сертификатын алган. Бул жетишкендиктер мугалимдин санариптик сабаттуулугун арттырып, окутуунун инновациялык ыкмаларын практикада колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк ачты.
Мындай жетишкендиктер мектеп жамааты үчүн сыймык болуп, билим берүүдөгү сапатты жогорулатууга өбөлгө түзөт.




Комментарийлер