ЖАҢЫ НОУТБУКТАР — МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ КАМКОРДУК
- 07.08.2025
- 0
Бүгүн, 7-августта, Бишкек шаарында И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы технопаркта борборубуздагы төрт райондун, Чүй, Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Талас облусунун Айтматов районунун өкүлдөрүнө мугалимдер үчүн даярдалган 27031 ноутбукту тапшыруу аземи болуп өттү.

Тарыхый иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, болуп жаткан окуя мамлекеттин мугалимдерге көргөн зор камкордугунун айкын далили экенин баса белгиледи.
— Чынын айтыш керек, бизге ишенбей «Жеп кетет», «Алдап кетет» дегендер көп болду. Бирок биз, мамлекет башчыбыздын азыркы мектепти заман талабына шайкеш өзгөртүү тапшырмасын аткаруу үстүндө бел чечпей иштей бердик. Ошол ишибиздин бир жемишине бүгүн күбө болуп жатабыз. Ноутбуктар тууралуу айтсам, алар көтөрүп жүрүүгө абдан ыңгайлуу. Өзүңүздөр билесиздер, билим берүү системасында 85% аялдар иштейт. Биз, баарынан мурда ушул гендердик факторго басым жасадык, – деди Догдуркүл Шаршеевна.
Мугалимдерге берилип жаткан бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы инновациялык мектепте апробациядан өткөн. Бул күнү аталган билим берүү мекемесинин өкүлдөрү өздөрү буга чейин колдонгон 21 ноутбукту алмаштыруу үчүн келишти.
— Жаңы ноутбуктар тууралуу мугалимдердин пикири абдан жакшы. Алгач жөнөкөй эле ноутбук деп ойлогонбуз. Көрсө таптакыр андай эмес экен. Бул мамлекеттин мугалимдерге жасаган зор камкордугу экен. Аны ноутбуктар менен үч ай сынамык ишинде иштеп жатып билдик. Ноутбукта мугалим үчүн керектүү маалыматтын баары бар. Көтөрүп жүргөнгө да жеңил, – дейт сынамык иштери жүргүзүлгөн мектептин жетекчиси Айзада Жыргалбековна.
Жети облуска делинип бөлүнүп коюлган бул ноутбуктардын ар бири Технопарк кызматкерлери тарабынан тыкыр текшерилип чыккан.
— Үч жылга чейин бузулуп калса, оңдоп беребиз. Такыр болбосо, алмаштырып беребиз. Мектептин өзүндө ички акты түзүп, жөнөткүлө, — деп түшүндүрдү чогулгандарга Технопарктын директору Касымбек Илимович.
Технопарктын базасында мугалимдер үчүн ноутбуктарды чогултуу ишин колго алган Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев колдонууга даяр ноутбуктардын бирин Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага салтанаттуу түрдө тапшырды.
Белгилей кетсек, СТЕМ мугалимдеринин колуна тийүүчү бул ноутбуктардын ар биринин өзүнчө сыр сөзү бар жана алар менен үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилинде иштөөгө мүмкүн.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер