ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

  • 10.07.2024
  • 0

Ысык-Көл облусундагы Орлиное айылындагы Омельченко атындагы орто мектептин эски имараты 1956-1970-жылдары ылайыкташтырылып,  убактылуу жыгач материалдардан салынган. Жакында жаңы мектептин курулушу башталды.

ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, мектептин  эскилиги жеткендигине байланыштуу авариялык абалда эле. Мектеп 120 окуучуга ылайыкталган болсо да, 245 окуучу эки кезмет менен окуп келген. Мектептин 150 орундуу жаӊы имаратынын долбоору даярдалып, 90,0 млн сомго сметасы түзүлгөн. Республикалык бюджеттин эсебинен 86,0 млн сомго каржыланып, курулушту “САИ & Трейд” Жоопкерчилиги Чектелген Коому ишти баштоодо.

2024-жылдын 9-июлунда  айыл эли  мектептин пайдубалы бекем болуп, тез арада бүтүүсүнө ниет кылып, аксакалдардын  батасын алышты, ырымдап цемент аралашмасын куюшту. Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Далиев,    район  башчысы-аким М.Насиров,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Жапаров, райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы Б.Асангазиев, Каракол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы, айылдык кеӊештин төрагасы, мектеп мугалимдери жана айыл эли катышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер