ЖАҢЫ ДООРДОГУ  БИЛИМ БЕРҮҮ — МҮМКҮНЧҮЛҮК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

  • 16.03.2026
  • 0

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Санариптешүү, онлайн платформалар, аралыктан окутуу ыкмалары мугалим менен окуучунун ортосундагы салттуу мамилени жаңы нукка бурду. Айрыкча жасалма интеллект технологияларынын ыкчам өнүгүшү билим берүүнүн мазмунуна, усулуна жана сапатына түздөн-түз таасир этүүдө. Бул көрүнүш бир жагынан чоң мүмкүнчүлүк жаратса, экинчи жагынан олуттуу жоопкерчиликти талап кылат. Ушул жаатта Сүлүктү шаарындагы №9  Н. Кушматов атындагы  жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Рабия КАБЫЛОВА менен маек курдук.

ЖАҢЫ ДООРДОГУ  БИЛИМ БЕРҮҮ - МҮМКҮНЧҮЛҮК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

 

— Рабия Хапызовна, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун филология факультетин бүтүргөм. 10 жылдан ашык мугалим болуп иштеп келатам. Мезгил агымына жараша өз билимимди тынымсыз өстүрүп, мезгилден артта калбаганга аракет кылам.

— Азыркы доордун мугалими кайсы усулду көбүрөөк пайдаланат?

— Менимче, көбүнчө мугалимдер жасалма интеллектти пайдаланышат. Анткени ал — билим берүүнүн келечеги. Андан качуу мүмкүн эмес, тескерисинче, туура пайдаланууну үйрөнүү зарыл. Акыркы жылдары билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Бүгүнкү күндө окуучулар маалыматты мурункудай бир гана китептен, мугалимден эмес, санарип булактардан бат жана кеңири ала алат. Жасалма интеллектке негизделген  программалар татаал темаларды жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп, ар бир окуучунун деңгээлине жараша  тапшырма сунуштай алат. Мисалы, тил үйрөнүүдө сүйлөмдөрдү текшерип, каталарды  оңдоп, түшүндүрмө берсе, математикада эсептин чыгаруу жолун этап-этабы менен көрсөтөт. Мындай жардам  окуучунун өз алдынча  иштөөсүн өнүктүрөт.

ЖАҢЫ ДООРДОГУ  БИЛИМ БЕРҮҮ - МҮМКҮНЧҮЛҮК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

— Ошондо мугалимдин ролу кантет?

— Жок, мугалимдин ролу азайбайт, тескерисинче, дагы  да маанилүү боло түшөт. Анткени  технология маалымат берет, бирок тарбия бербейт. Адамдык баалуулуктарды, мекенчилдикти, адеп-ахлакты калыптандыруу — мугалимдин ыйык милдети бойдон калууда. Демек, мугалим жаңы технологияны атаандаш эмес, жардамчы курал катары кабыл алышы керек. Актуалдуу мамилелердин дагы бири — маалыматтын ишенимдүүлүгү. Интернет мейкиндигинде туура эмес, бурмаланган маалыматтар кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин айырмалоону үйрөнүшү зарыл. Бул жерде медиасабаттуулук, сынчыл, ой  жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү биринчи орунга чыгат. Мектептерде бул багыттагы иштерди күчөтүү учур талабы. Мындан сырткары, жасалма интеллектти ашыкча колдонуу окуучунун жалкоолугун күчөтүп, даяр жоопко көндүрүшү мүмкүн деген кооптонуулар да бар. Эгер окуучу ар бир тапшырманы, программаны чыгартса, анда өз алдынча ойлонуу, изденүү жөндөмү солгундайт. Ошондуктан мугалимдер тапшырмаларды түзүүдө чыгармачылыкты, талдоону пикир айтууну талап кылган ыкмаларды көбүрөөк колдонушу керек. Аймактардагы мектептер  үчүн дагы бир актуалдуу маселе — техникалык мүмкүнчүлүк. Бардык эле билим берүү мекемелери жогорку ылдамдыктагы интернет, заманбап компьютерлер менен толук камсыз болгон эмес. Демек, санарип билим берүүнү өнүктүрүүдө инфраструктураны жакшыртуу мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну талап кылат. Технология  мугалимди  алмаштырбайт, бирок анын ишин жеңилдетет. Окуучуну толук кандуу инсан кылып тарбиялоо үчүн билим менен тарбия, технология менен адамгерчилик  айкалышканда гана жогорку натыйжага жетүүгө болот. Замандын агымынан артта калбай, улуттук баалуулуктарды унутпай, өнүккөн билим берүү системасын түзүү — бүгүнкү күндүн эң башкы максаттарынын бири.

— Окуучунун билим алууга болгон кызыкчылыгынын эң башкы себепкери бул — мугалим. Мугалимдин изденүүдөн тапкан бай тажрыйбасы гана келечектин  билимине кошкон салымы болот эмеспи.

— Ооба, бүгүнкү күндө окуучулар маалыматты мурункудай бир гана китептен же мугалимден эмес, санарип булактардан бат жана кеңири ала алат. жасалма интеллектти туура жана чеги менен колдонуу мугалимдин ишин жеңилдеткен күчтүү курал болуп калды. Мен да  сабактарымды даярдоодо Grok, Google Gemini жана Flow платформаларын колдонуп келем. Бул санарип куралдар жаңы идеяларды табууга, сабакты жандуу жана кызыктуу өткөрүүгө жардам берет. Мисалы, окуучуларыма ыкчам текшерүү тесттерин түзүп берсем, алар кызыгуу менен иштеп, өз билимдерин дароо текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бирок технология мугалимдин ордун баса албайт. Анткени билимди техника берсе, тарбияны жүрөгү менен берген — мугалим. Демек, жасалма интеллектти акыл менен колдонуу — заманбап мугалимдин күчү. Окуучуну толук кандуу инсан кылып тарбиялоо үчүн билим менен тарбия, технология менен адамгерчилик айкалышканда гана жогорку натыйжага жетүүгө болот.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер