ӨЖӨРБАЕВА САБИРА

  • 29.06.2023
  • 0

ӨЖӨРБАЕВА САБИРА

Ушул жылдын 2023-жылдын 21-июнунда  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” Өжөрбаева Сабира мезгилсиз дүйнө менен кош айтышты.

Өжөрбаева Сабира 25-январда 1958-жылы  Ош  областынын  Өзгөн  районундагы  Мырза-Арык  айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө  туулган.

КМУнун кыргыз филология  факультетин 1982-жылы  ийгиликтүү  аяктаган. 1982-1990-жж. “Мугалимдер  газетасында”, 1990-1995-жж. №40, №59 мектептерде мугалим, 1995-2021-жж. Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана 2020-окуу жылынан бери, кыргыз  тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келген.

Мектептерде кыргыз тилин окутуу боюнча бир нече илимий-методикалык макалалардын, китептердин автору. “Адеп” окуу китебин (2-3-кл), шаардык мугалимдер менен биринчилерден болуп жазып чыккан, «Кыргыз тилин окутуунун календарлык планын» 2010-2020-окуу жылдардан бери  жалпы  бардык мектеп-гимназия жана лицейлердин кыргыз тили мугалимдери  пайдаланышууда, 2022-жылы кайра жаңыртылып, толукталып басылган.

Өжөрбаева  Сабира   өзүнүн  уулу  Ж.Эшманбетов  менен  кыргыз  элинин  туңгуч  агартуучусу  Ишенаалы  Арабаевдин  төрт эмгегин кириллицага которгон тажрыйбалуу педагог. «Алифба айки төтө окуу» (1911), Кыргыз  алиппеси” (1924), Эне  тилин  окутуу  боюнча  алгачкы  методикалык  колдонмо  -“Жазуу  жолундагы  саамалык” (1925),  Эң алгачкы сүрөттүү “Кыргыз алиппесин»(1928), кенже балдарга арнап “Менин айлана-чөйрөм”, “Баалуулуктарыбыз”, “Оюн жана спорт”, “Биринчи байлык — ден соолук”,  “Тарбия жана турмуш”, “Ар бир кесип ардактуу” колдонмосун, Ишенаалы Арабаевдин “Алиппе” китептеринен алынган тексттер жыйнагын жазып, басмадан чыгарган.

 Аракетчил агартуучунун эмгеги татыктуу бааланып 1999-жылы 28-октябрда Кыргыз  Республикасынын билим берүү отличниги”, 2013-жылы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн  “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси. 2022-жылы КРнын “Эмгек сиңирген мугалими” наамы, Кыргыз Республикасынын президентинин “Ардак грамотасы”, 2013-жылы  «Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылган. 2014-жылы — Афган согушунун  ардагерлеринин Республикалык кеңешинин “Мээримдүүлүк” төш белгиси берилген. Мындан сырткары, көптөгөн ардак грамоталарга жана ыраазычылык каттарга ээ болгон.

Маркумдун артында 2 кыз, 1 уул, 8 небереси калды. Өмүрлүк жолдошу, Эшманбетов Жаанша менен бир уул, эки кызды тарбиялашкан.

Өжөрбаева Сабира дүйнө салгандыгына байланыштуу Эшманбетовдордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ардактуу ардагер Өжөрбаева Сабиранын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер