ӨЖӨР ОКУУЧУ ПРЕЗИДЕНТТИН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

  • 15.12.2025
  • 0

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров билимге умтулган, өжөр жана аракетчил жаштарды ар дайым колдоого алып келет. Айрыкча оор шарттарга карабай билим алуу жолун тандаган балдардын аракети Президент үчүн өзгөчө баалуу.
Жакында коомчулукка тараган видеодо 1 метрге жакын калың карды жиреп, кыйынчылыкка моюн сунбай мектепке бара жаткан 4-класстын окуучусунун аракети көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Бул көрүнүштү Президент Садыр Жапаров да көрүп, кичинекей окуучунун билимге болгон умтулуусуна жогору баа берди.
Мамлекет башчысы мындай өжөрлүк жана максатка умтулуу келечектин пайдубалы экенин белгилеп, окуучуну президенттик балатыга чакыруу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле анын аракетине дем-күч берүү максатында Президенттин атынан белек даярдалып жатканы маалымдалды.
Аталган окуучу — Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбеков. Ал алты балалуу үй-бүлөнүн төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек.
Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын катарында. Айрыкча математика жана кыргыз адабияты сабактарына кызыгып, тырышчаактык менен билим алууда. Мындан тышкары сүрөт тартууга жана спорттун футбол түрүнө шыктуу.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер