ӨЗГӨНДҮН АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ РАЙОН БАШЧЫСЫ 100000 СОМ ТАПШЫРДЫ
- 17.07.2024
- 0
Өзгөндүн сыймыгына айланган Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Алтын сертификат алган эки окуучуга, Алтын тамга артыкчылык аттестаттын ээси жана ЖРТдан 200 балдар жогору алган 15 бүтүрүүчүгө, аларды даярдаган мугалимдерге, мектеп директорлоруна жана көмөк көрсөтүп, даярдашкан окуу борборлорунун башчыларына райондун башчысы-аким Каныбек Апбасов кызуу куттуктап, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.
Маалыматка ылайык, Алтын сертификат ээлери Индира жана Алмашка 100 000 сомдон, Алтын тамга артыкчык аттестаттын ээси Ажарга 50 000 сом жана грамоталар менен сыйлап, жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы окууларында жалаң гана ийгиликтерди каалап, келечекте өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоң-чоң салымдарын кошооруна ишенээрин айтты.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер