Өзгөчө макамдагы окуу жайлар биринчи жемишин бере баштады
- 05.11.2024
- 0
Өзгөчө макам берилген беш жогорку окуу жайына бардык чечимдерди өз алдынча кабыл алуу, академиялык жана каржылык эркиндиги берилген.
Билим берүү жана илим министринин айтымында, 4.0. деңгээлиндеги университеттерди куруу- инновациялык жана илимий трансформация жүзөгө ашырылып жаткан жаңы муундагы тармактары, биринчи “өсүү чекиттери”- өзгөчө статусу бар университеттер жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлиндеги негизги максаттар.
Биринчи жолу өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайлар эл аралык рейтингге киргизилди. Алсак, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Азия рейтингиндеги 856 жогорку окуу жайдын ичинен алдыңкы төрт жүз (351-400), Ош мамлекеттик университети Евразиялык ЖОЖдордун эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүктүн катарына кирди. Борбордук Азия ЖОЖдорунун рейтингине ылайык, Кью Эс 2024- жыл үчүн («QS World University Rankings: Central Asia 2024») И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 19- орунду ээледи.
Министрликтин атайын буйругу менен 2023-жылдын ноябрь айында өзгөчө макамдагы ЖОЖдор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн пилоттук мектептерди өздөрүнүн патронажына алышкан.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер