Зардалыдагы мектептин абалы

  • 25.09.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Зардалы айылындагы мектептин абалы  боюнча Баткен районунун билим берүү башчысы Олжобай Мажилимовдун маалыматынын негизинде төмөндөгүлөрдү маалымдады.

Зардалыдагы мектептин абалы

Аталган айылда туруктуу 10 түтүн калк жашайт. 2024-2025-окуу жылында 2-класста бир  окуучу, 3-класста үч окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстардын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош.

Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди.

Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат.

Айылда зым өткөрүүчү электр энергиясы жок болгондуктан интернет туташтырылган эмес. Айыл өкмөтү орноткон зымсыз интернет байланышы үчүн жабдыкты оңдоп түзөө маселеси жаралууда.

Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында билимдерин улантышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер