ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫ — ЖАҢЫЛАНГАН БИЛИМ БЕРҮҮ
- 26.03.2026
- 0
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн эң маанилүүсүнүн бири — 12 жылдык билим берүү системасына өтүү болуп саналат. Бул система окуучулардын билим алуусун заман талабына ылайык уюштуруп, алардын ой жүгүртүүсүн, жөндөмүн жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Башталгыч класстын 12 жылдык 2-классынын мугалими катары бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасын күн сайын сабак учурунда көрүп, байкап жатам.
Айрыкча “Алтын Казык” программасы жаңы билим берүү системасынын негизги багыттарынын бири болуп, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүүдө. Бул программада сабактар жөн гана теориялык маалымат берүү менен чектелбестен, ар бир тема практикалык иштер менен тыгыз байланышта өтүлөт. Окуучулар жаңы маалыматты турмуштагы мисалдар менен салыштырып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, талдоого үйрөнүп жатат.

Ошол эле учурда жаңы программаны ишке ашырууда айрым кыйынчылыктар да байкалбай койгон жок. Айрыкча баштапкы мезгилде мугалимдер үчүн жаңы методикаларга көнүү оңой болгон жок, анткени бул кошумча даярдыкты жана үзгүлтүксүз изденүүнү талап кылат. Мындан тышкары, окуу китептеринин жетишсиздиги да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Биз жарым жылга чейин электрондук китептерди баракка чыгарып, колдонууга мажбур болдук. Мындай шартта чыгарылган барактардын жоголуп кетиши, жыртылышы сыяктуу көрүнүштөр көп болуп, окуу процессине өз таасирин тийгизбей койгон жок. Жарым жылдан кийин гана жаңы китептер менен камсыз болдук.
Сабак учурунда берилген тапшырмалардын көпчүлүгү балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Мындай тапшырмалар аркылуу окуучулар маселени ар тараптан карап, өз ойлорун негиздеп айтууга, туура чечим кабыл алууга көнүгүшөт. Практикада байкагандай, бул ыкмалар балдардын кызыгуусун арттырып, сабакка активдүү катышуусуна чоң түрткү берип жатат. Бирок айрым учурларда тапшырмалардын татаалдыгы ар кандай деңгээлдеги окуучулар үчүн бирдей кабыл алынбай, кээ бир балдарга кошумча түшүндүрүүнү талап кылган учурлар да кездешет.
12 жылдык билим берүү системасына өткөндөн кийин коомчулукта “жаңы китептер өтө татаал болуп кетти”, “балдар кыйналып жатышат”, “мурдагы система жакшы болчу” деген сыяктуу ар түрдүү пикирлер айтылып жатканын да угуп жатабыз. Албетте, жаңы нерсеге өтүүдө суроолордун жаралышы табигый көрүнүш. Бирок мугалим катары күнүмдүк сабактагы тажрыйбама таянып айта алам: бул китептер балдарды кыйноо үчүн эмес, алардын мүмкүнчүлүгүн ачуу жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн түзүлгөн.
Биз тарбиялап жаткан азыркы балдар — жаңы доордун балдары. Адистер бул муунду альфа мууну деп аташат. Бул муун технология менен кошо өсүп жаткан, маалыматты тез кабыл алган, суроо берип, изилдөөгө кызыккан муун. Алар мурдагыдай маалыматты жаттап алуу менен гана чектелбестен, анын маанисин түшүнүүнү, турмуш менен байланыштырып көрүүнү каалашат. Демек, алардын дүйнө таанымына ылайык билим берүү ыкмалары да өзгөрүшү зарыл.
“Алтын Казык” программасындагы тапшырмалар дал ушул максатты көздөйт. Логикалык ойлонууга багытталган суроолор, турмуштук кырдаалдар менен байланышкан мисалдар, талкуу жана изилдөө элементтери балдардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн ачып, алардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп жатат. Сабак учурунда окуучулардын өз оюн эркин айтып, суроо берип, чечим издеп жатканын көргөндө бул өзгөрүүлөрдүн канчалык маанилүү экенине дагы бир жолу ынанасың.
Кээде биз чоңдор өзүбүз көнүп калган ыңгайлуу системадан чыккыбыз келбей калат. Бирок билим берүү — токтоп тура турган тармак эмес. Заман өзгөргөн сайын билим берүү да жаңыланып турушу керек. Эгер биз мурдагы эле ыкмалар менен чектелип калсак, анда бүгүнкү балдардын мүмкүнчүлүгүн толук ачууга жол бербей коюшубуз мүмкүн.
Ошондуктан мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук биргеликте жаңы өзгөрүүлөрдү туура түшүнүп, замандын талабына ылайык иш алып баруубуз зарыл. Өзүбүз түзүп алган ыңгайлуу чөйрөдөн чыгып, жаңы идеяларга ачык болуп, билим берүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонушубуз керек.
Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү — бул жөн гана түзүмдүк өзгөрүү эмес, бул келечек муундун сапаттуу билим алуусуна жасалган маанилүү кадам. Кыйынчылыктарга карабастан, “Алтын Казык” программасы аркылуу окуучулар теорияны практика менен айкалыштырып, турмушта керектүү билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрүп жатат. Бул система ой жүгүрткөн, изденген, өз алдынча чечим кабыл алган жаңы муунду тарбиялоого бекем негиз болот деп ишенем.

Айсы МУРТАЗАЛИ кызы, Сүлүктү шаарындагы Н.Кушматов атындагы N9 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими
Комментарийлер