ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

  • 03.03.2026
  • 0

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Көк-Жар айыл аймагынын жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары арасында  аймактык «Мыкты тарбиячы — 2026» кароо-сынагы Жобонун негизинде уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

Маалыматка таянсак, кароо-сынактын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү тармагында эмгектенип жаткан тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, инновациялык ыкмаларды колдонуу деңгээлин аныктоо жана чыгармачыл, аракетчил педагогдорду колдоо болду.

ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

Сынакка Көк-Жар айыл аймагындагы «Жийде Нуру», «Жаз гүлү», «Сүйкүм», Ж.Алоудинов атындагы «Жаш жеткинчек», «Көк-Жар таңы» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан өз каалоосу менен тарбиячылар катышып, өздөрүнүн иш тажрыйбасын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтө алышты.

ЗАМАНБАП ТАРБИЯЧЫ

Калыстар тобу тарабынан катышуучулар адилет, так критерийлердин негизинде бааланып, жыйынтыгында жогорку упай топтогон тарбиячылар жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөргө Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Алдыдагы райондук турга Алоудинов атындагы «Жеткинчек Кеңеш» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жусуева Махбуба өттү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер