“Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору”

  • 20.09.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин 70 жылдыгына арналган “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

 “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору”
ИПКнын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскарбек Иманбаев, ТалМУнун ректору Жыргалбек Шаршембиев, К.Карасаев атындагы БМУнун Илим боюнча проректору Гульнара Мурзахмедова, Эл аралык медицина университетинин ректору Елисей Син, КРнын ББИМге караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдор юбилярга куттуктоо сөздөрун жолдоду.

 “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору”
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин педагогикалык ишмердүүлүгу тууралуу жана педагогика саласында кошкон салымын белгилеп өттү.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д. Али Турдугулов “Бүгүнкү билим берүүнүн артыкчылыктары: илимий насаатчынын портретине сүртүмдөр; Абай атындагы КазУПУнун профессору, п.и.д. Розалинда Шаханова “Санариптештирүү шартында Казакстанда кесиптик билим берүү”; эмгек сиңирген мугалим, п.и.к., экспериментатор мугалим Гапыр Мадаминов “Жаңы мектеп, жаңы ой жүгүртүү: заманбап билим берүүнүн артыкчылыктары” жана п.и.д., Кыргыз ББАпрофессору Сулайман Рысбаев “Учурдагы билим берүү процессинде келип чыгуучу педагогикалык кырдаалдар, алардын себептери жана чечүү маселелери” доклад окушту.

 “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору”
ИПКнын жүрүшүндө Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын 100дөн ашуун илимий макалалардын авторлору, окумуштуулар 3 секцияда педагогика илиминин инновациялык өзгөчөлүктөрү жана учурдагы маселелерди кызуу талкуулашты. Алар: Кыргыз тили жана дүйнөлүк адабият: заманбап изилдөө маселелери; Педагогикалык билим берүү: заманбап изилдөө маселелери; Тилди окутуу методикасынын актуалдуу маселелери.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференцияга Абай атындагы КазУПУдан, Казакстан Эл аралык информатизация академиясынан, Москва улуттук бизнес институтунан, Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинен, Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинен, Кыргызстандын орто атайын жана ЖОЖдорунун окутуучулары катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер