ЗАМАНБАП ОКУТУУ — ЗАМАН ТАЛАБЫ
- 01.12.2023
- 0
Талас мамлекеттик университети тарабынан билим берүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоодо билим алуучулардын, ата—энелердин, иш берүүчүлөрдүн суроо—талаптарын эске алган педагогикалык кесиптин чеберчилигин өнүктүрүүнүн тажрыйбасын сунуштоо максатында «Заманбап окутуу — заман талабы» аттуу конференция өткөрүлдү.
Конференцияны университеттин ректору Жыргалбек Шаршембиев ачып, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун ишмердүүлүгүнө токтолуп, артыкчылыктарын баса белгилеп, университеттин атынан ыраазычылыгын билдирип, долбоордун математика боюнча адиси Аида Аликовага «Ыраазычылык кат» жана белектерин тапшырды.
Конференцияга ТалМУнун эмгек жамааты, колледждин окутуучулары, долбоордун математика боюнча мыкты адиси А.Аликова, Талас облусунун координаторлору Э.Арыкбаев, Ж.Козубекова, мастер-тренерлер, улуттук тренерлер катышты.
Жыйынтыгында «Окуу керемет!» долбоору тарабынан билимин жогорулаткан, мыкты иш алып барган тренерлерге, менторлорго сертификаттар, ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер