Заманбап билимге карай жол
- 16.01.2026
- 0
БОРОШ ЖАНУЗАКОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫЧЫЛ ЖОЛУ
Реформа кылуу оңой кадамбы же оор сынообу? Кайсы гана өлкө болбосун, кайсы тармакта реформа жүргүзүлбөсүн, ал ар дайым коомчулуктун түрдүү пикирлерин жаратат. Жаңычылдыкка карата күмөн саноо да, колдоо да катар жүрөт. Бул табигый көрүнүш. Ошол сыяктуу эле 2025-2026-окуу жылынын башында билим берүү тармагында кабыл алынган реформалар да коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, ар кыл талкууларды жаратты.

Жыл айланбай эле Агартуу министрлигинин туура багыттагы чечимдери менен мугалимдердин талыкпаган, жоопкерчиликтүү эмгегинин алгачкы жыйынтыктары көрүнүп баштады. Реформанын үзүрү кагаз жүзүндө эмес, мектептердеги жандуу иш-аракеттерден көрүүгө болот. Мунун айкын мисалы катары Талас районундагы Борош Жанузаков атындагы орто мектебин атоого болот. Бул билим уясы 12 жылдык билим берүү системасын өзгөчө багыттар менен ийгиликтүү ишке ашырып, заманбап талаптарга шайкеш иш алып барууда. Мектептеги тартип, уюшкандык, окуу процессинин мазмуну көргөн адамдын көзүн кубантпай койбойт. Ар бир кадамда жаңылануунун деми сезилип, келечекке ишеним жараткан жогорку деңгээлдеги иштер жүрүп жатат.

Мындай мисалдар билим берүү реформасынын жөн гана идея эмес, турмушка ашып жаткан реалдуу өзгөрүүсү экенин далилдеп турат.
Кыргызстандын билим берүү тармагында акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформалар, айрыкча 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, мектептердин ишмердүүлүгүнө жаңы дем, жаңы мазмун алып келди. Мындай алдыңкы демилгелердин бири Талас районундагы Борош Жанузаков атындагы орто мектебинде ийгиликтүү ишке ашырылууда. Аталган мектеп 12 жылдык билим берүү системасын өзгөчө багыттар менен айкалыштырып, окуучулардын билим алуусуна гана эмес, алардын ой жүгүртүүсүн, инсандык сапаттарын, чыгармачылык жана практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Мектеп жамааты заманбап билим берүүнүн маанилүү компоненти катары SMART-мектеп багытын тандап алган. Бүтүндөй мектеп доскага бор менен жазып сабак өтүү ыкмасынан толугу менен баш тартышкан. Ар бир класска акылдуу доскалар орнотулуп, сабактар интерактивдүү форматта уюштурулууда. Мугалим менен окуучунун ортосунда жандуу байланыш түзүлүп, теория практикага айкалышып, сабактар кызыктуу жана натыйжалуу өтүүдө. SMART технологиялар окуучуларды жөн гана маалымат алуучу эмес, ой жүгүрткөн, анализдеген, өз пикирин эркин билдирген инсан катары тарбиялоого өбөлгө болууда. Натыйжада балдардын сабакка болгон кызыгуусу артты, өз алдынча изденүүгө умтулуу күчөдү.

Аталган мектептин директору Исманов Азамат Жусупбаевичтин чарбачыл, иш билги, уюштургуч экенин баса белгилеп өткүм келет. Билим берүүнүн бардык багыты өзгөчө ыкма менен ишке ашат. Мисалга алсак, мектепте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзгөн атайын кабинеттер иштейт. Алардын ар бири белгилүү бир багытта балдардын жөндөмдөрүн ачууга кызмат кылат. Шахмат жана тогуз коргоол бөлмөлөрү логикалык ой жүгүртүүнү, стратегиялык пландоону, сабырдуулукту калыптандырат. Айрыкча тогуз коргоол аркылуу окуучулар улуттук оюндардын маңызын түшүнүп, ата-бабалардан калган акыл-эс мурасына тереңирээк үңүлүшүүдө.

Музыка кабинети окуучулардын эстетикалык табитин өстүрүп, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Музыка сабактары балдардын ички дүйнөсүн байытып, руханий тарбиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турган бөлмөлөрдүн бири электрондук этно китепкана. Бул жерде улуттук адабият, тарыхый мурастар, элдик чыгармалар заманбап санарип форматта сунушталып, окуучулар салт менен технологияны айкалыштырып билим алышууда.

Ал эми тамак-аш технологиясы кабинети окуучуларга турмуштук маанилүү көндүмдөрдү үйрөтөт. Бул сабактар аркылуу балдар өз алдынча иштөөгө, жоопкерчиликке, эмгекти баалоого тарбияланууда.
Мектеп ичинде кызыгуу менен ишке ашкан долбоорлор көп. Аларды айтып өтсөк “Мен жасай алам, сен бизге кошул” деген ураандын астында жашыл жаратылыш долбоору жараксыз, пайдаланылган кагазды кайра иштетүүгө чогултуу окуучуларды тазалыкка, үнөмдүүлүккө, жоопкерчиликке, жаратылышка аяр мамиле кылууга тарбиялайт. “Желим идиштен-тазалык идиштери” акциясына окуучулар активдүү катышып чоң көлөмдөгү таштанды челектерин белекке алышкан.

“ЖРТ жана МЕН” долбоорунун алкагында ата-эне, коомчулук, күчтүү мугалимдер, ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу болуп турат. Ай сайын сынамык тест, бир жумада бир китеп, энержайзер, кайтарым байланыш – булардын баардыгы окуучунун ЖРТдан мыкты жыйынтык көрсөтүүсүнө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле кыз балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, тарбиялоо ишке ашууда. Кол эмгек сабагында мастер класстар уюштурулуп турат, ошондой эле конок тосууда дасторкон кооздоо жана таттуулардын түрүн жасоо аларга өзгөчө кызыгууну арттырып, шык-жөндөмү бар окуучулар үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болууда.
Мектеп директору Исманов Азамат:
—Жаштарга татыктуу билим, тарбия берүү биздин мектепте алгылыктуу ишке ашырылууда. 12 жылдык билим берүүнүн алкагында окуучулар көрүшөт, үйрөнүшөт жана мугалим менен биргеликте жасай алышат. Мисалга айтсак, мектепте ар бир кыздын өзүнүн гүлү бар. Гүл өстүрүүнү үйрөнүп жатышат. Кандай азыктарды бериш керек, гүлгө кандай кам көрүү керек? Практика жүзүндө ишке ашырылууда. Ошол эле учурда биогумусту кандай өлчөмдө топуракка кошуу керек? Биогумус кантип даярдалууда аны дагы өздөрү жасап көрүүдө. Себеби, органикалык калдыктарды, тамак аш калдыктарын пайдалануу менен биогумус өндүрүү жолдору жөнгө салынган .

Ошондой эле мугалимдер үчүн 2025-2026-окуу жылы “Өзүн-өзү өнүктүрүү, ийгилик жаратуу” жылы деп жарыяланып, окутуу-изилдөө колго алынган. “Оюн аркылуу окутуу” долбоору менен иш алып баруу сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өтүүгө болоорун тажрыйба көрсөттү. Республикалык “Мыкты мугалим” конкурсунун катышуучулары Д.Рахматулина, А.Эстебесова өзгөчө сабак өтүү ыкмалары менен командалык иш алып баруунун мыкты үлгүсүн көргөзө алышты,- деп баса белгилеп өттү.
Жогоруда аталган баардык иш аракеттердин ийгиликтүү ишке ашышы мектеп жамаатынын биримдигинин, окуучулардын активдүүлүгүнүн жана жетекчиликтин туура багыты, 12 жылдык билим берүүгө жасалган ишенимдүү жана натыйжалуу кадамдары болуп саналат.

Жалпы республикага үлгү боло алган Борош Жанузаков атындагы орто мектептин жалпы жамаатына ийгилик каалап, директору Исманов Азамат агайга ак эмгегинин үзүрүн көрүүсүн тилеп өтөбүз.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»

























Комментарийлер