ЗАМАНБАП “БАЛАСТАН” БАЛА БАКЧАСЫНДА

  • 13.11.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы №59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты токсонунчу жылдардагы менчиктештирүү мезгилинде башка максатка пайдаланууга берилип кеткен бала бакчалардын бири болчу. 2024-жылы мамлекеттин кийлигишүүсү менен кайра кайтарылып, кайрадан бөбөктөрдүн сүйүктүү жайына айланды.

“Баластан” бала бакчасы Бишкек шаарынын мэриясына карайт. Былтыр июнь айында капиталдык оңдоо иштери башталып, ошол эле жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылган. Анын эки кабаттуу имараты заманбап техникалар менен жабдылган тамак-аш блогу, кенен бөлмөлөрү, тарбиячылар үчүн усулдук бөлмө, өзүнчө кыргыз тили бөлмөсү, санитардык нормага толук жооп берген медициналык бөлмөсү, спорт зал, STEAM кабинети, жана майрамдык ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүчү эки залы жана ошондой эле кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар, өзүнчө кийинип-чечинүүчү, тазалык бөлмөлөрү жана жуунуп чайкануучу жайлары менен ичи-тышы көргөндүн көз жоосун алган балдардын жомок дүйнөсүн элестетет. Жер төлөсү бар имараттын аянты — 4509,13 метр2,, жалпы 1,14 га жерде жайгашкан.

ЗАМАНБАП “БАЛАСТАН” БАЛА БАКЧАСЫНДА

Бала бакчанын башчысы Раушан Ыманованын айтымында учурда мында 64 кызматкер иштейт.

— Биз бүгүн балдарыбыз менен “Күз майрамын” жаркын маанайда белгиледик. Иш-чаранын максаты — балдарга көңүлдүү маанай тартуулоо менен чогуу күз мезгилинин сулуулугун таанытуу. Майрамдын жүрүшүндө балдар ырдашты, бийлешти, көркөм сөз окушту жана кичинекей театралдык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Педагогикалык жамааттын чыгармачылык менен изденип иштегени, алар тарбиялап жаткан балдардын таланттуу экени даана байкалып, көргөндөр суктануу менен айтып жатышты. Андыктан иш-чара балдарга эле эмес, көргөн адамдардын баарына жагымдуу маанай тартуулап, өзүнүн максатына жетти деген ишеничтебиз.

Биздин бала бакчага келүүнү каалагандар көп. Бош аянттарды мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалануу максатында кошумча бош орун түзө турган жылдырма керебеттерди колдонобуз. Бул балдар үчүн кошумча бош мейкиндигин түзүп, уктоо бөлмөсүн түшкү эс алуу үчүн гана эмес, окуу жана оюн үчүн да пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада 330 орунга эсептелген бала бакчабыз 600 баланы кабыл алууга ылайыкталып, учурда 600 бала тарбияланып жатат, — дейт.

Директор айым бала бакчанын окуу процессинде STEAM ыкмасы жигердүү колдонулуп жатканын, тарбиячылар аны балдардын ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана изденүү жөндөмүн өнүктүргөн заманбап окутуу ыкмасы катары пайдаланып келатышканын сыймыктануу менен белгиледи. Бакча этнопазлдардан тартып заманбап мультистудияга чейин STEAM жабдуулары менен толук камсыз болгон.

— Дагы белгилей кетүүчү нерсе, бала бакчабыз толук кыргыз тилинде. Балдарыбыз кыргыз тилинде билим алып, өз элинин маданиятын урматтаган, ошол эле учурда заманбап ой жүгүрткөн, чыгармачыл жана изденгич бала болуп калыптанат деген ишеничтемин.

Бала бакчабызда ата-энелер менен тыгыз кызматташуу — тарбиялык жана билим берүү процессинин маанилүү бөлүгү. Ар бир ата-энени баланын өнүгүүсүндө тең укуктуу өнөктөш катары көрөбүз. Ата менен баланын ортосундагы ынтымакты, өз ара колдоону жана спортко болгон кызыгууну күчөтүү максатында “Атам жана мен” оюнун байма бай уюштуруп турабыз.

Ошондой эле Ата-энелер мектеби үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүп турат. Бул иш-чаранын негизги максаты — ата-энелер менен тыгыз кызматташып, баланын тарбиясы жана өнүгүүсү боюнча пайдалуу маалымат берүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Ата-энелер мектебинде педагогдор ата-энелерге баланын курагына жараша психологиялык өзгөчөлүктөрү, жүрүм-туруму жана үй-бүлөдөгү өз ара түшүнүшүү боюнча сунуштарды беришет. Ошондой эле ата-энелер да өз ойлорун, жеке байкоолорун, суроолорун айтып, талкууга активдүү катыша баштаганы кубандырат, — дейт.

Раушан Эрнистбековна билим берүү тармагында 15 жылдан бери эмгектенип келатат. Анын ичинен 10 жыл жеке менчик бала бакчаны жетектеп, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуп келген тажрыйбалуу жетекчилердин катарында. Мурда иштеген жеринде, т.а. Токмок шаарында имаратын ижарага берип келген фабрика банкрот болуп, бүт мүлкүн мамлекетке өткөрүп жаткандыгына байланыштуу, ал иштетип жаткан бала бакча 2022-жылы муниципалдык менчикке айланган эле. 10 жыл түптөгөн бала бакчанын ичиндеги оокат-ашын мамлекетке чын дилинен өткөрүп берген соң, ошол эле муниципалдык бала бакчанын жетекчиси болуп дайындалып, дагы эки жыл иштеген. Көп өтпөй эле борбор калаабыздагы бала бакчаларына конкурс болуп жатканын угуп, учурда жетектеп келаткан №59 бала бакчага талапкерлигин коюп, атаандаштарын артка калтырып жеңип чыккан.

—  Мен өлкөбүздөгү эң алдыңкы бала бакчалардын бирин жетектеп келатканыма сыймыктанам. Жетекчи катары баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө, педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана ата-энелер менен тыгыз кызматташууга өзгөчө маани берем. Келечекте “Баластанды” мектепке чейинки билим берүүдөгү инновациялык программаларды жайылтуучу, техникалык, спорттук жана чыгармачылык залдарга ээ, кесипкөй, чыгармачыл жана гуманист педагогдор иштеген бала бакча катары көрөм. Ар бир бала коопсуз чөйрөдө өз талантын ачып, чыгармачылыкка жана илимге кызыгып, ден соолугун чыңдай аларына, мындай бала бакча педагогдор үчүн да, ата-энелер жана балдар үчүн да стимул берүүчу жана жаркын келечекке жол ачкан ишенимдүү жай болушу үчүн  эмгек жамаатым менен талбай эмгектене бермекчибиз, — дейт Раушан Ыманова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер