ЗАЛКАР АКЫНДЫН ҮЙҮ ОҢДОЛУУДА

  • 23.10.2024
  • 0

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын Алыкул Осмоновдун борборубузда жайгашкан үй — музейи оңдолууда. Бул туурасында бизге акындын атын алып жүргөн борбордун жетекчиси, белгилүү журналист, коомдук ишмер Памирбек Казыбаев билдирди.

ЗАЛКАР АКЫНДЫН ҮЙҮ ОҢДОЛУУДА

-Өткөн кылымдын кыркынчы жылдарында салынып, акыныбыз 1948-50-жылдарда жашап, 35 жылдык өмүрүн өткөргөн Фрунзедеги үйү үчүнчү ирет оңдолуп, реставрациялануу менен экспозициялар да заманбап санариптик технология талаптарына жараша даярдалууда. Буга чейинки эки жолку ремонт 2001-2015- жылдарда “Алыкул үй-борборунун” демилгесинде демөөрчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн жана жүздөгөн экспонаттар топтолуп, акындын чыгармалар топтомдору кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган эле,- дейт П.Казыбаев.

Алыкул үй музейи катары иштетүүгө коомчулук жана жогорку окуу жайлар менен үзүрлүү байланыштар колго алынган менен, коомдук бирикменин акындын короо-жайын кеңейтүү, Фрунзенин музейиндей эки кабат имаратын куруу, кошуналарына квартира алып берүү менен Алыкул скверин түзүү сыяктуу Бишкек мэриясына, жогорку бийликтерге кайрылуусу кароосуз калганына,  мындай мүдөөнүн бир бөлүгү быйыл  ишке  ашып жатканына шүгүр деген Памирбек Казыбаев агабыз бул ишти жүзөгө ашырууга көмөктөшкөн Бакудагы “Түрк маданий мурастарын колдоо” фондуна ыраазычылыгын билдирди.  Ал  ошондой эле ичи-сырты жаңыланган жана экспозициясы да мазмундуу жасалгаланган “Алыкул үй-музейи” ноябрь айынын башталышында “Түрк мамлекеттер кызматташтыгынын”  Бишкекте өтүүчү саммити убагында ачыларын айтты.

ЗАЛКАР АКЫНДЫН ҮЙҮ ОҢДОЛУУДА

Экспонаттардын басымдуу бөлүгү “Алыкул үй-борборуна” таандык экени талашсыз, анткени алар дээрлик 35 жылдык мээнеттин үзүрү. Айтмакчы, акындын үйүн тарыхый-маданий маанидеги эстелик катары сактоодон тышкары, аны оңдоп, Алыкул таануунун башкы ордосуна айланткан П.Казыбаевдин аталган адабий-маданий очокту кийинки муундар үчүн уюштурууну коомдук башталышта өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн өнөктөштүгүндө турмушка ашырганы чыныгы атуулдук өрнөк экендигин эске алар мезгил да келип калгандыгына тийиштүү жактар көңүл бурар деген ойду айткыбыз келди.

ЗАЛКАР АКЫНДЫН ҮЙҮ ОҢДОЛУУДА

Музейдин оңдолушун, айлана тегерегин жашылдандыруу ж.б. чарбалык иштерин Бишкек мэриясынын тийиштүү мекемелери менен Ленин райондук акимиаты аяктап жатса, экспонаттарды табуу, тандоо жана экспозицияларды түзүүнү Кыргыз улуттук тарых музейинин кызматкерлери  ишке ашырууда. П.Казыбаев өз сөзүндө окурмандарга кайрылып, акынга тийешелүү мурда басылган макала, сүрөт, архивдик материалдар болсо музейге тапшырууну, маркумдун сатылып кеткен “Победа” машинасын табууга, сатып алууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”      

Бөлүшүү

Комментарийлер