ЮНИСЕФ Кыргызстандын бизнес-коомчулугу менен кызматташат
- 20.11.2025
- 0

20-ноябрь — Балдарды коргоо күнүндө ЮНИСЕФ Кыргызстан Балдар үчүн бизнес кеңешин түзүүнү жарыялады. Бул кеңеш өлкөдө балдардын укуктарын алга жылдырууга умтулган алдыңкы компанияларды бириктире турган жаңы платформа. Бул өнөктөштүк бизнесте жана жалпы эле коомубузда балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу боюнча глобалдык аракеттердин бөлүгү.
Жаңы кеңештин алгачкы мүчөлөрү :
- Эл аралык бизнес кеңеши
- Элдик Банк
- «TEZCOM LTD» ЖЧК
- Demir Bank
- O!Bank
- «ТРЕЙДГОФ» ЖЧК
- Страховая компания «Кыргызстан»
- «Lion» ЖЧК
- Умай Групп
- «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК
- Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы.
Алдыңкы компаниялар өлкөдө балдардын укуктарын алга жылдыруу үчүн аракеттерди координациялап, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүп, ЮНИСЕФ менен иштеше алышат. Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле балдардын коопсуздугу, инклюзивдүү билим берүү, тамактануу, санариптик коопсуздук жана үй-бүлөлөр үчүн позитивдүү жумуш чөйрөсүн түзүү сыяктуу маанилүү маселелерге салым кошо алышат.

«Жеке бизнес балдардын чоңоюп жаткан дүйнөсүн калыптандырат – ата-энелеринин эмгегинен тартып, алар колдонгон продукцияларга жана көргөн маалыматтарга чейин. ЮНИСЕФ Кыргызстан балдардын укуктарын алдыга жылдыруу жана алардын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында өлкөнүн алдыңкы компаниялары менен өнөктөштүк түзгөнүнө сыймыктанат. Алар ар бир бала үчүн коопсуз, адилеттүү жана ыңгайлуу чөйрө курууга чечкиндүү кадам таштоого даяр экенине кубанычтамын», — деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Сэмман Тапа.
Кеңештин түзүлүшү Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө арналган «Балдар – биздин эң маанилүү ишибиз» аттуу иш-чарада жарыяланды. Ишкер лидерлер өз компаниялары балдар үчүн маңыздуу жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү түзүүгө кантип активдүү салым кошо аларын талкуулашты. ЮНИСЕФ иш-чараны Эл аралык бизнес кеңеши (ЭБК) менен биргеликте уюштурду.
«Балдарга инвестиция салуу — бул өлкөнүн келечегине жана анын экономикасына инвестиция салуу. Кеңеш бизнеске балдарга ыңгайлуу принциптерди иш жүзүндө ишке ашырууга жардам берет жана биздин аракеттерибиздин улуттук өнүгүү максаттарына дал келишин камсыз кылат», — деп белгиледи ЭБКнын аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдарга тиешелүү негизги маселелер, анын ичинде балдардын жакырчылыгы, билим берүү, ден соолук, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын камтылышы, тамактануу боюнча маалымат сунуштады.
Ошондой эле бизнес лидерлеринин жана ЮНИСЕФтин катышуусунда панелдик талкуу болуп, анда компаниялар үй-бүлөгө ыңгайлуу жумуш ордундар, жоопкерчиликтүү маркетинг, балдарга ыңгайлуу продукциялар жана балдарга багытталган программаларды колдоо маселеси талкууланды.
«Ишкер коомчулугу катары биз балдар жашаган, окуган жана өскөн чөйрөгө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Бул кеңеш аркылуу биз чыныгы өзгөрүүлөргө жетүү жана Кыргызстандагы ар бир баланын өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун камсыз кылуу үчүн билимибизди жана ресурстарыбызды бириктире алабыз», — деди Кыргызстандын эң ири чекене соода тармактарын бириктирген «Уамай Груп» компаниясынын башкаруучу директору Артем Лыжин.
Иш-чаранын катышуучулары балдар укуктарынын принциптерине негизделген бизнес жумушчу күчүн чыңдап, өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, коомчулуктун ишенимин арттырарын баса белгилешти.
(БК)
Комментарийлер