ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕР

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕР2-3-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи”санаториясынын спорттук базасында  2-июль- Эл аралык спорт журналисттер күнүнө жана Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS)  100 жылдыгына   арналган  спорттун 6 түрү: волейбол, футзал, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол жана аркан тартыш боюнча мелдештер курч мүнөздө, атаандаштык маанайда болуп өттү.

44 спорт журналистти катышкан мелдешти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясы биргелешип уюштурду. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов менен «Жаштык» дирекциясынын жетекчисинин орун басары Ороз Евгачев  Париж олимпиадасынын ачылышына саналуу күндөр калганда жана Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын 100 жылдыгына арналып өтүп жаткан мелдештерде журналисттерге ийгиликтерди каалашты.

-1924-жылы 2-июлда Париж шаарында Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясы (AIPS) уюшулуп, 100 жылдан бери дүйнөлүк спорт, олимпиадалык кыймылдын жаңылыктарын, көйгөйлөрүн, дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын, эл аралык мелдештерди журналисттер кеңири чагылдырып, сергек жашоо ыңгайын жайылтып, эл достугуна көпүрө болуп келатышат. Бүгүн дүйнөнүн бардык жеринде, өлкөлөрдө AIPS 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө.  Кыргызстан эгемен өлкө болгону Спорт журналисттер федерациясын уюштуруп, анын биринчи президенти белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков болуп шайланып, 1995-жылдан бери Кыргызстан AIPSтин мүчөсү болуп саналат. Кыргыз спортунун өнүгүшүнө спорт журналисттери дагы салым кошуп, дүйнө, Азия чемпионаттарын, олимпиада оюндарын, Азия оюндарын, эл аралык турнирлерди кеңири чагылдырып келүүдө. Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын президенти, меценат Улугбек Аскарович Салымбеков  журналисттерди ар дайым колдоп, демөөрчү болуп келатат. Эмдиги жылы федерациянын 30 жылдык мааракеси болот. Биздин  спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ишиңиздердеги ийгиликтерди, чың ден соолук, узак өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Спорт журналисттер арасындагы мелдештерди уюштуруп, демилгелерди колдоого алган Дене тарбия жана спорт департаментинин, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын жетеечилерине, жамаатына журналисттердин атынан ыраазычылык билдирем. Бул жолку мелдештер Париж олимпиадасынын алдында болуп жатканы менен баалуу жана барктуу. Саналуу күндөрдөн кийин  баштала турган Париж олимпиадасында эгемен өлкө күткөн алтын, күмүш, коло байгелерди кыргызстандык спортчулар утуп алышына тилектешмин. Бул оюндарды дагы биздин спорт журналисттери кеңири чагылдырат деп ишенем.

Ошондуктан алдыдагы бүгүнкү мелдештер майрамдык маанайда өтүп, спорт журналисттерине жеңиштерди каалайм,-деди спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРСпорт журналисттери 4 командага: Париж, Олимп, Биримдик жана Ынтымак командаларга бөлүнүп, эки күндүк мелдештер курч мүнөздө өттү.

3-июлда турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды, Кубокторду, алтын, күмүш, коло медалдарды жана биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдорду «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

Мелдештердин жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРВолейбол мелдеши боюнча 1-орун “Париж” командасына ыйгарылып, алтын медалдар жана Кубок менен сыйланды.   Команданын курамында  өлкө аймактарынан келишкен спорт журналисттери:Айзада Нурадилова, Айзирек Гадаева, Эркинбек Абдуллаев, Искак Туратбеков, Азат Бейшенбеков, Темирлан Жумабеков, Тилек Кененсариев, Мария Иванова, Аскат Кенжекулов, Абдуламит Абдуманнап уулу ойноду.

Экинчи орунга жана күмүш медалдарга  “Олимп” командасы ээ болду. Бул команданын намысын спорт журналисттер Азамат Асылбашев, Адилет Керимбеков, Бекназар Арыкбаев, Арген Мажитов, Улукбек Сали уулу, Кызжибек Жээнбек кызы, Жанара Эсенова, Алтынай Гапар кызы коргоду.

Үчүнчү орунга жана коло медалдарга  “Биримдик” командасы татыктуу болду. Бул команданын курамында спорт журналисттер Теңгелбес Мусаев, Адилет Темирланов, Нурболсун Тургуналиев, Бексултан Рахматбек уулу, Гүлжан Турдубаева, Бегимай Манапбаева, Айсулуу Урустамова, Арайлым Даулетказина, Абдулла Жусупалиев, Бектен Токонов намыс талашты.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРСпорт журналисттер арасында футзал боюнча мелдеш атаандаштык маанайда өтүп, бардык атаандаштарын уткан “Париж” командасы биринчи орунду камсыз кылышып, Кубок жана алтын медалдардын ээлери болушту. Команданын мүчөлөрү Эркинбек Абдуллаев, Мария Иванова, Искак Туратбеков, Тилек Кененсариев, Азат Бейшенбеков, Аскат Кенжекулов футзалда чеберчилигин көрсөтүштү.

Футзал мелдештеринде “Париж” командасына атаандаштык жаратып, аз упай менен баш байгени алдырып койгон  “Олимп” командасы экинчи орунду ээлеп, күмүш медалдарды тагынды. Бул командада Адилет Керимбеков, Азамат Асылбашев, Арген Мажитов, Актилек Акылбек уулу, Улукбек Сали уулу,  Алтынай Гапар кызы дасыккан футболчулардан калышпаган өнөрү менен таанылды.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРБайгелүү үчүнчү орун жана коло медалдар  “Ынтымак” командасына ыйгарылды. Команданын мүчөлөрү Зыярат Эсенбай, Эсенбек Үсөнов, Абдулалим Мамадалиев, Актилек Жанчиев, Асем Улукбек кызы, Айбегим Набиева, Кабыл уулу Кутман коло медалдарды тагынышты.

Командалык мелдештерде “Аркан тартыш” оюну курч мүнөздө, атаандаштык маанай жаратып, күйөрмандардын көңүлүн бурду. Биринчи орунду Кубок жана алтын медалдарды  Кабыл Макешов капитан болгон “Олимп” командасы жеңип алды. Жеңишке спорт журналисттери Адилет Керимбеков, Бекназар Арыкбаев, Улукбек Сали уулу,  Арген Мажитов, Алтынай Гапар кызы зор салым кошуп, спортто дагы мыкты ийгиликтерди жарата алышаарын далилдешти.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРЭкинчи орун жана күмүш байге  “Париж” командасына таандык болду. Бул команда  капитаны Атахан Кожогулов жана мүчөлөрү Эркинбек Абдуллаев, Темирлан Жумабеков, Азат Бейшенбеков, Абдуманап Абдилатип уулу, Айзада Нурадилова күмүш медалдарды тагынды.

Командалык таймашуудагы үчүнчү орунду жана коло байгени “Биримдик” командасы жеңип алышты. Команда мүчөлөрү Бектен Токонов, Бексултан Рахматбек уулу, Абдулла Жусупалиев, Бегимай Манапбаева, Адилет Темирланов коло медалдардын ээлери болушту.

Ал эми эркектер арасында шахмат боюнча жыйынтыгында  1-орунду “Олимп” командасынын мүчөсү  Азамат Асылбашев жеңип, алтын медаль тагынды. 2-орун “Биримдик” командасынан Бексултан Рахатбек уулуна ыйгарылса, 3-орун “Париж” командасынын мүчөсү Эркинбек Абдуллаевге ыйгарылды.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРКыздар жана айымдар арасында шахмат боюнча жыйынтыктагында   1-орунду “Париж” командасынын мүчөсү  Мария Иванова жеңип алды. Экинчи орунду ээлеген “Олимп” командасынын мүчөсү Алтынай Гапар кызы күмүш медаль менен сыйланды. Үчүнчү орунду  “Ынтымак” командасына Айбегим Набиева камсыз кылды.

Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш жеке биринчилик катары өтүп, 1-орунду Акылай Турсунова жеңип алды. 2-орун Алтынай Гапар кызына ыйгарылып, 3-орунга Айзирек Гадаева татыктуу болду. Эркектер арасында тогуз коргоол боюнча мелдеште 1-орун Абдулла Жусупалиев ыйгарылып, 2-орунду Зыярат Эсенбай, 3-орунду Бекназар Арыкбаев камсыз кылышты.ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕР

Эркектер арасында үстөл тенниси боюнча жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:1-орун Арген Мажитов, 2-орун Тилек Кененсариев, 3-орун Зыярат Эсенбайга ыйгарылды.

Кыздар жана айымдар арасында үстөл тенниси боюнча 1-орунду Мария Иванова, 2-орунду Бегимай Манапбаева жана 3-орунду Асем Улукбек кызы жеңип алышты.

Жалпы командалык эсепте арбын упай топтоо менен Чоң кубок жана биринчи орун «Париж» командасына ыйгарылды. Экинчи орунга  «Олимп» командасы татыктуу болду. Байгелүү орунду «Биримдик» командасы камсыз кылды.

-Спорт журналисттери арасындагы мелдешке алгач ирет катышып жатам. Ысык-Көлдө өтүп жаткан мелдеш абдан жакшы уюшкандыкта, майрамдык маанайда өтүп, спорт журналисттери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Өлкө аймактарынан, 7 облустан келген журналисттер менен тааныштым. Өзүм волейбол, баскетбол ийримдерине катышып, ойноп жүргөм. Футзал мелдешине командага бирден кыздын кошулуп ойногону кызыктуу болот экен. Бул гендердик теңчиликти эске алуу менен кыз-келиндер арасында футболду жайылтууга өбөлгө болмокчу. Мен алгач ирет катышсам дагы 1 алтын, 4 күмүш медаль утуп алууга жетишип, Ош шаарына олжолуу кетип баратам. Бул мелдештерден кийин спортко жана спорт журналистикасына болгон кызыгуум күчөдү. Жаңы достор, санаалаштар таптым.  Мелдешти уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирем, -деди “Ош Прим” телекомпаниясынын спорт баяндамачысы, “Олимп” командасынын мүчөсү Алтынай Гапар кызы.

— Былтыркы спорт журналисттер арасындагы мелдештерде мен капитан болгон команда баш байгени уткан элек. Быйылкы мелдеште Улуттук телерадио корпорациясынын таңкы “Замана” студиясынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү акын Атахан Кожогулов капитан болгон “Париж” командасы командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылышып, мыкты оюн көрсөтүштү.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕР1995-жылы спорт журналисттер федерациясы уюшулганда 6 журналист болсок, учурда катарыбызда 40тан ашуун спорт журналисти болгону кубандырат. Федерациянын алгачкы президенти Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен журналисттер арасындагы мелдештер мурда Кой-Таш эс алуу жайында, Бишкекте өткөрүлүп келсе, 9 жылдан бери Ысык-Көлдө өткөрүлүп, улам таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат. Кыргызстандын спорт журналисттери эл аралык турнирлерди, Азия, дүйнө чемпионаттарын, Азия оюндарын, олимпиада оюндарын чагылдырып, кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп келүүдө. Мисалы үчүн биздин федерациянын башкы катчысы Кабыл Макешов 7 жайкы, 5 кышкы олимпиада оюндарын жеринен түз чагылдырып, 12 олимпиадага катышуу менен спорт тууралуу 20 китеп жазды.  Ал эми Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS)  ар жыл сайын өткөн Конгресстерине, иш-чараларына федерациябыздын президенти, меценат Улугбек Салымбековдун демөөрчүлүгү менен бир нече журналисттер делегат болуп катышып келдик. Эки жылдан бери «Жаштык» дирекциясынын басма сөз катчысы Акылай Турсунова спорт журналисттер арасындагы турнирди өткөрүүдө, уюштурууда  жакшы аракет кылып, салым кошуп келатат. Ысык-Көлдө мелдештерди уюштуруунун демилгечилери болгон ошол учурдагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчылары Нурдин Султанбаев менен Нурпери Садырбекованын салымдарын унутууга акыбыз жок. Быйылкы мелдештин бардык катышуучуларына дагы федерациябыздын президенти Улугбек Аскарович спорттук мелдештер үчүн атайын кийимдерди белек кылып, майрамдык салтанат менен сый тамак уюштурууга демөөрчүлүк кылды.

Эмдиги жылы федерациябыздын алгачкы президенти Аскар Мааткабыловичтин байгесине арнап, спорт журналисттер арасында футбол мелдештерин өткөрүү демилгесин дагы көтөрүп жатабыз, -дейт ардагер спорт журналист, “Ынтымак” командасынын капитаны Табылды Асыгалиев.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МЕЛДЕШТЕРКыргызстанда спорт журналисттер арасындагы мелдештер 1996-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясы (AIPS) 100 жылдык мааракесине арналып, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы менен КР спорт журналисттер федерациясы  биргелешип уюштурган кыргыз бермети аталган Ысык-Көлдөгү мелдештер чыгармачылык менен спортту айкалыштырган журналисттердин ынтымагына, биримдигине данакер болуп, жаркын маанайда өттү.

Эмдиги жылы Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын 30 жылдык мааракесине арналган  мелдешке Борбор Азия өлкөлөрүнөн дагы бирден командаларды чакырып, эл аралык деңгээлде өткөрсөк деген демилге,  аруу тилектер бар.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер