Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары үчүн профилактикалык иш-чаралар башталды

  • 26.01.2026
  • 0

Мектептерде зомбулуктун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча масштабдуу профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 19-январындагы №13/1 буйругуна ылайык, өлкө аймагындагы бардык мектептерде окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге багытталган масштабдуу алдын алуу (профилактика) иш-чаралары уюштурулууда. Алгачкы иш-чаралар Ысык-Көл облусунда башталды.

2026-жылдын 20–23-январь күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Манас атындагы №10 орто мектебинде, Каракол шаарындагы Мендегул уулу Карач Аке атындагы №7 (Пристань-Пржевальск) мектебинде, Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы жана башка жалпы билим берүү уюмдарында профилактикалык жолугушуулар өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары үчүн профилактикалык иш-чаралар башталды

 

Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Эркимбеков, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ИИМдин балдар иштери боюнча инспекциясынын өкүлдөрү (ИДН), белгилүү спортчу Кубанычбек Талдыбеков, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү, мектеп директорлору, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, социалдык педагогдор, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулуктун, радикализмдин жана экстремизмдин, баңги заттарды колдонуу, эрте нике, алдамчылык жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, ошондой эле уңгужол доктринасын, жарандык иденттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлакты жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары үчүн профилактикалык иш-чаралар башталды

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарынын чегинде тематикалык презентацияларды жана баяндамаларды жасап, атайын чакырылган коноктор окуучуларга сергек жашоонун мааниси, билим алуунун баалуулугу, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоо тууралуу таасирдүү ойлорун ортого салышты.

Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Эркимбеков окуучуларды бош убакытты натыйжалуу пайдаланууга чакырып, ар түрдүү ийримдерге катышуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле иш-чарага катышкан кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан сунушталган бекер ийримдер (робототехника, IT, искусство, вокал ж.б.) тууралуу маалыматтарды эске алууга үндөдү.

Мындан тышкары, катышуучуларга санариптик платформалар аркылуу даярдалган видеотасмалар көрсөтүлүп, мугалимдерге жумушта пайдалануу үчүн презентациялар жана методикалык колдонмолор таратылды.

Белгилей кетсек, мындай профилактикалык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы мектептерде улантылып өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер