Ысык-Көл форумуна Кытайдын залкар жазуучусу чакырылды
- 27.11.2025
- 0
Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь менен жолукту. Жолугушуу Мо Яндын Бээжиндеги квартирасында өттү. Мо Янь Ысык-Көл форумуна катышууга ыкласын билдирли. Бир сааттан ашуун чай үстүндө маектешүүнүн жүрүшүндө адабий кызматташуу талкууланды. Мо Янь чыгармаларынын бирин Кыргызстанда басып чыгарууга макулдугун берди.
Баса, Ысык-Көл форумуна форумуна Кытайлык бир катар залкар жазуучулар да катышууга макулдугун бергендигин Арслан Койчиев билдирди.
Президент Садыр Жапаров кеңешчиси Арслан Койчиевге Ысык-Көл форумуна эл аралык өкүлдөрдү чакырууну уюштуруу милдетин жүктөгөн эле. (КС)
Бөлүшүү
Комментарийлер