ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРДУ ЧОГУЛТТУ

  • 08.07.2025
  • 0

Агартуу министри эл аралык этно-карнавалдын катышуучуларын тосуп алды

7-июлда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Ысык-Көл досторду чогултат!” аттуу эл аралык этно-карнавалга келген чет элдик делегациялардын өкүлдөрүн салтанаттуу түрдө кабыл алды.

Бул жолку маданий иш-чара өзгөчө мааниге ээ. Анткени этно-карнавал быйыл он бешинчи ирет өтүп жатат. Юбилейлик маараке алкагында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Беларустан келген ынак делегациялар Кыргыз жерине улуттук маданияттарын алып келишти. Жалпы катышуучулардын саны — 456 адам. Ар бири өз элинин жүзү, өз мекенинин маданий элчиси катары салым кошууда.

Министр Кендирбаева делегация өкүлдөрүн жылуу маанайда тосуп жатып, мындай деди:

“Ынак өлкөлөрүбүздүн эң жаркын жана таланттуу өкүлдөрү менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздер маданияттын жана тынчтыктын чыныгы элчилерисиздер. Биздин жалпы максатыбыз — дүйнөдө балдар үчүн толеранттуу, коопсуз чөйрөнү түзүү, агрессия менен буллингди азайтуу. Бул максаттарга маданият, өз ара түшүнүү жана достук аркылуу гана жетүүгө болот.”

Жолугушуунун жүрүшүндө министр конокторго эстелик белектерди тапшырып, форумду уюштурган тараптарга ыраазычылык билдирди. Салтанат жеңиш аянтындагы түбөлүк отко гүл коюу аземи менен соңуна чыкты. Бул учур — бир гана урмат-сый эмес, тынчтык менен достуктун символу катары кабыл алынды.

Маалымат үчүн:

XV “Ысык-Көл досторду чакырат – 2025” эл аралык этно-карнавалы 7–12-июль күндөрү Ысык-Көл жээгинде өтөт. Бул карнавал Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасынын алкагында уюштурулууда.

Карнавалдын программасында:

  • катышуучу өлкөлөрдүн улуттук бийлери, ырлары жана фольклордук аспаптык өнөрлөрү;
  • вокал, хореография жана элдик аспаптар боюнча мастер-класстар;
  • чоң гала-концерт каралган.

Бул этно-карнавал — өлкөлөр ортосундагы достукту, өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк маданиятка болгон ачык мамилесин, өз улуттук баалуулуктарына болгон сый-урматын арттырган ири аянтча болууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер