ЫМУДА ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 28.12.2022
  • 0

27-декабрда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Жаңы жылга карата иш-чара болуп өттү.

ЫМУДА ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чаранын алкагында факультеттер аралык Жаңы жылдык ырларды аткаруу жана мультфильмдеги ырларды аткаруу сынагы уюштурулуп, физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин окутуучулар курамы биринчи орунду багындырып,  7 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми экономика, туризм жана тарых факультети менен колледждин окутуучулары экинчи орунду,  филология жана педагогика факультетинин окутуучулар курамы үчүнчү орунду камсыздап, 5000, 4000 миң сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Ошондой эле мультфильмдеги каармандардын образын өзгөчө чеберчилик менен аткаргандыгы үчүн окутуучуларга өзүнчө акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Андан тышкары лоторея ойнотулуп, үйгө керектелүүчү белектер өз ээсин тапты.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”  

Бөлүшүү

Комментарийлер