ЫМУда эл аралык конференция

  • 28.10.2024
  • 0

25-октябрда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде белгилүү окумуштуу-лингвист, филология илимдеринин доктору, профессор Жусаев Жолдош Жусаевичтин 90 жылдык мааракесине арналган «Тыныстанов окуулары — 3: Санариптештирүү доорундагы лингводидактикалык изилдөөлөр» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

ЫМУда эл аралык конференция

Санариптик технологиялар билим берүү процесстеринин бардык деңгээлдеринде кеңири колдонулган шартта, лингводидактика жаатындагы жаңы ыкмаларды, методдорду жана технологияларды иштеп чыгуу өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Конференцияда санариптештирүү доорундагы заманбап билим берүү жана илимий изилдөөлөрдүн өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

ЫМУда эл аралык конференция

Жолдош Жусаевдин өмүр жолу тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, ага арналган ырлар окулду.

Ага өлкөнүн, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы окумуштуулары, ошондой эле Грециянын, Россиянын, Американын жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да онлайн форматта катышты.

Билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу, педагогикалык маселелер, когнитивдик лингвистика, корпус лингвистикасы, лингвомаданият таануу боюнча баяндамалар жасалды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер