ЫМУ ДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 22.06.2023
  • 0

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык инженердик академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын биринчи президенти Самудин Абдраимовдун жаркын элесине арналган «Ааламдашуу, санариптик трансформация жана заманбап чакырыктардын доорундагы табигый-техникалык жана колдонмо илимдер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ЫМУ ДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

Конференциянын максаты — заманбап инженердик илимдин, физика-математикалык, табият таануу, айыл чарба илимдеринин жана маалыматтык технологиялардын теориялык жана колдонмо маселелерин, ошондой эле экология, жаратылышты пайдалануу жана жашыл экономиканын актуалдуу проблемаларын талкуулоо.

Конференцияга Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин, НМУнун, БатМУнун, ЖАМУнун, ОШТУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун 40тан ашуун окумуштуулары катышты.

Пленардык жыйындан соң үч секциялык отурум орун алды.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер