ҮЙ-БҮЛӨ – ТААЛИМ БАШАТЫ
- 12.12.2022
- 0
Жакында Билим берүү жана илим министрлиги “Ата-энелер мектеби” программасы боюнча республикалык семинар уюштурду. Анда белгилүү педагог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Гапыр Мадаминов Лейлек районундагы өзү түптөгөн №3 эксперименталдык гимназиянын дал ушул багыттагы чейрек кылымдан берки тажрыйбасы жөнүндө жети облустан келген кесиптештерине айтып берди. Агайдын шакирттери да ар кайсы аймактарда иш кандай жүрүп жатканын сөз кылышты.
Куштун кош канатындай
Гапыр Мадаминов:
– 1997-жылы энелер мектебин ача баштаган элек. Себеби билим, тарбия берүү – бул эки жактуу процесс. Мектеп канчалык күчтүү болбосун, бул ишке үй-бүлө катышпаса, мугалимдердин аракети кумга сиңип жок болгон сууга окшоп кала берет. Ошондуктан 1997-жылы биринчи жолу энелерди окута баштадык. Адегенде райББдан баштап айыл тургундарына чейин көпчүлүк бизди жаман көрүп, туура эмес түшүнүп мазакташты, жөн эле убакыт коротуу дешти. Бирок биздин мектепте зордук-зомбулук токтоп, ЖРТ башталып окуучуларыбыздын орточо упайы 160-170 болгондо, аа, ушул жерде бир нерсе бар экен деп көңүл бура башташты.
Энелер мектебине кайдыгер карагандыктын себеби бул директор, завучтарга ашыкча түйшүктөй көрүнөт. Алар “биз эмне, окуучуларды окутканыбыз аз келгенсип, ата-энелерине да сабак өтөбүзбү?” деп нааразы болушат. Ата-энелер да убакытыбыз жок, мектепке келип-кетип жүрө беребизби дешет. Бирок бул анчалык оор эмес, анткени бир айда болгону бир жолу келип койсо жетиштүү. Ар бир класстын класс жетекчиси кадимки тарбия сааттын программасынын эсебинен өтүп коёт.
Окуучунун инсан катары жетилиши үчүн жеке эле мугалимдин эмес, ата-эненин тарбиясы да абдан маанилүү. Куш эки канаты менен гана уча алат, ошол сыяктуу мугалим окуучунун бир канаты болсо, ата-эне – экинчи канаты. Эки канат бирдей кагылып, бир максатка багытталган учурда гана окуучуга жетиштүү тарбия берилет.
Өмүрүндө бир жолу баласынын дептерин ачып койбогон, күндөлүгүн көрбөгөн ата-энелер бар. Орусча, англисче эмес, кыргызча эки сөздүн маанисин түшүндүрүп көрбөгөн, бирок күнөөнүн баарын мугалимге, мектепке, билим берүү министрлигине оодарат. Бул абдан өкүнүчтүү жагдай. Дүйнөлүк тажрыйбада мен эки-үч өлкөнүн тажрыйбаларын изилдеп келдим. Азыркы учурда билимдин сапаты боюнча дүйнөдө алдыга озгон Финляндияда энелер окуйт экен. Ошондуктан алардын балдарынын билим деңгээли да алда канча жогору экен.
Азыр биздин тажрыйбаны бүткүл республикага жайылтып жаткан кесиптештерге ыраазымын. Бир гана өтүнүч – бул ишке үстүрт мамиле кылбаӊыздар. Эгер формалдуулукка жол берилсе, анда идеянын өзү жөнүндө тескери түшүнүк пайда болуп, ата-энелердин көӊүлү калат. Жаӊы ишти баштайлы деп элди чогултканда концерт коё бербеӊиздер, залды фестиваль өткөрчүдөй кылып кооздобоӊуздар. Бекер эле убакыт өткөрмөй бирдеме экен деп кийинкиде эч ким кызыкпай калат. Дүӊгүрөк иш-чаралардан ата-энелер эчак эле тажаган. Андан көрө жөн гана жумушчу маанайда, жаӊылыктын түздөн-түз мазмунун чагылдырган, илимий-усулдук негизин жетик түшүндүргөн иш керек.
Кайдыгерликти кантип жеӊебиз?
Сокулуктагы №3 мектептен Замира Бекташева ата-энелер мектебинин тажрыйбасын жайылтуу боюнча абдан мазмундуу презентация жасады:
– Гапыр Мадаминовдун окутуу-тарбиялоо усулдарын жана ата-энелер мектебинин программасын жайылтуунун максаты эмнеде? Өзүңүздөр билгендей, азыр мектеп, колледж, лицей, ЖОЖдордун мугалимдерин жана ата-энелерди түйшөлткөн суроолор бар: «Эмнеге окуучулар менен студенттер окууга кызыкпай калды? Эмне үчүн мугалимдердин берген сабактары окуучуларга жукпай жатат? Эмне себептен ата-энелер балдарына көңүл бөлбөй, жардам бербей жатышат?»
Мунун башкы себеби – “Ата-эне, Мугалим, Окуучу” деген үчилтиктин бузулгандыгы. Аны кантип калыбына келтирүү керек? Мына ушул суроолордун баардыгына жоопту мен Гапыр Мадаминовдун китептеринен таптым. Гапыр агай бул көйгөйлөрдү жөн эле айтып койбостон, аларды чечүү жолдорун «Акыл эмгегинин маданияты» сабагында, «Жаш мугалимдер мектебинде» жана «Ата-энелер мектебинде» өзүнүн 27 жылдан бери жүргүзгөн эксперименттери менен далилдеп берди.
Биз дагы өзүбүздүн мектепте ата-энелер мектебин ачтык. Чын эле, ата-энелердин көкүрөгүндө төңкөрүш болуптур. Баягы арызданам, даттанам деген ата-энелердин көпчүлүгү жоошуп, өздөрүнүн кемчилигин сезип, билимдин баркын, тарбиянын маанисин түшүнбөй, билбей жүрүптүрбүз деп бизге жардам бере баштады.
Бирок биз, мугалимдер, жакшы даяр болбой жатабыз. Себеби биздин сабактар кызыктуу өтүлбөйт, шыктандырып окута албай жатабыз. Ошондуктан балдарды кызыктырып “Акыл эмгегинин маданияты» деген сабакты киргизе баштадык. Бирок балдар ушунчалык ынтызар болуп, эми жакшы билим алабыз, сонун экен деп үйгө барышса, айрым ата-энелер түшүнбөй: “Сен эмне, профессор болосуңбу? Кайдагы ватман, кайдагы фломастер? Кыйын болбочу, биз андайы жок эле полго жатып сабак окуп жүргөнбүз!» – деп балдарга жардам көргөзбөй жатышат.
Бул эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Гапыр агайдын мектебинде эң биринчи бул сабакты киргизгенде да балдар ушинтип жүгүрүп, кызыгып окушкан экен. Бирок үйдөн ата-энелер жардам көргөзбөгөндүктөн иш жүрүшпөй калды дейт. Анан ата-энелер мектебин ачып, үй-бүлөлүк таалимдин эӊ зарыл эрежелерин үйрөткөндөн кийин алар балдарга сабак даярдоочу бөлмөсүн уюштуруп, күнүмдүк турмушунда дептерин, күндөлүгүн текшерип, ата-энелик милдетин жакшы аткара баштады. Ошондо гана чоң ийгиликтер жаралды дейт.
Акыл эмгегинин маданияты эмнеси менен кызык болууда? Окуучунун, студенттин сабактагы негизги иши – бул акыл эмгеги. Окуучу, студент ошол акыл эмгегинин маданиятын өздөштүргөндө гана анын иши жемиштүү болорун Гапыр агай далилдеген. Ошондон улам жыл сайын окуучулары республикалык олимпиадаларда жеңип, мыкты ЖОЖдордун алдыңкы студенттери болууда. Мисалы, бир дагы орус улутундагы киши жашабаган Жаштык айылындагы бул гимназиянын окуучусу республикалык олимпиадада орус тили жана адабияты боюнча биринчи орунду ээлеген.
Гапыр агайдын мектебинен 85 окуучу Медициналык академиянын бюджеттик бөлүмүнө өтүп, учурда алды мыкты догдур болушту. 70ке жакын окуучулары чет өлкөдөгү таанымал окуу жайларда билим алышып, алды эң жогорку кызматтарда иштешүүдө. Бул бир кичинекей мектептен ушунча окуучу ушундай ийгиликке жеткендиги чоң жетишкендик.
Гапыр агайдын “Акыл эмгегинин маданияты (АЭМ)” китеби дароо эле англис тилине которулду. Белгилүү акын жана котормочу Ибрагим Түркхан түрк тилине которуп берген экен, азыр Ала-Тоо «Ататүрк-Ала-Тоо» университетинде жана башка окуу жайларда электрондук варианты колдонулуп жүрөт. Орус тилине өзүм котордум. Анткени бизде ушундай агай бар экен, бизде да ушундай сабак бар экен, эмне үчүн биз чыгара албайбыз, өзүбүздү өзүбүз эмнеге колдой албайбыз, демек биз дагы окутуп чыгарсак болот экен деп таң калдым. Ушунчалык кызыгып, бир дем менен которуп чыктым.
Кыргызстандын жети дубанынын мугалимдеринин өтүнүчү менен “АЭМ”, “Устаттык өнөрү”, “Ата-энелер мектебинин” тайпалары ачылып, агайдын шакирттери үч жылдан бери сабак өтүп келет.
2021-жылы “Культура умственного труда” аталышында орус тайпасы ачылып, андан 256 мугалим окуп чыгышты.
Мугалимдердин суранычы боюнча дагы “КУТ 2”, “КУТ 3”, “КУТ 4”, “КУТ 5” тайпалары окутулган. Жыйынтыгында республика боюнча 1280 мугалим тажрыйбаларын өнүктүрүшкөн. Өздөрүнүн пикирлерин Фейсбук баракчаларына чыгарып, ыраазычылык билдиришкен. Азыркы учурда дагы орус тайпасынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жаткан мугалимдердин саны арбын.
“Акыл эмгегинин маданияты” китеби дагы эмнеси менен кызыгуу жаратып жатат?
АЖПМОК (адам, жаратылыш, предмет, маселе, окуя, кубулуш) схемасы. Бул схеманы бардык предметтерде колдонсо болорун өзүбүз тажрыйбадан өткөрүп көрдүк. Окуу ылдамдыгы. Бул усул башталгыч класста гана эмес, 11-класска чейин колдонулат. Текстти окуп, эӊ негизгисин бөлүп алуу ыкмалары, мисалы да Гапыр агайдын китебинде бар. Олимпиада, ЖРТга даярдануунун сырлары, текстти анализдөө, оңой, тез, бекем жаттоо, максат коюу, убакытты үнөмдүү пайдалануу, чет тилдерин өз алдынча оңой жана тез үйрөнүүнүн методикасы ж.б.у.с. кызыктуу темалар камтылган.
Агайдын мыкты шакирттеринин бири Курсанай Якубованын бул сөзүн мисал келтирели: “Мен начар мугалим болчумун. Сабагымдан окуучулар качып кетишчү. Гапыр агайды бир семинарда көрүп, угуп калып, жанынан чыкпай, ар бир лекциясын конспектилеп үйрөнүп жүрүп, эң начар мугалимден “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жеңүүчүсү болууга жетиштим”.
Ата-энелер мектебин жайылтууга өзгөчө салым кошуп, акыл эмгенинин маданияты боюнча 700дөн ашуун видеону ю-тубга чыгарган Талас облусу боюнча координатор Салтанат Бейшенова да жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап берди.
Токмок шаарындагы 1-гимназиянын мугалими Диляркан Абасканова:
– Биз көп мугалимдер менен жолукканда, “Энелер мектеби” жөнүндө сөз кылып баштаганда эле, ата-энелер мектепке келбейт деген шылтоосун табышат. Мен ойлойм эгер мугалим чындап көңүлү болсо, чыгармачыл мугалим болсо ата-энени мектепке чакыруу эч кандай кыйынчылык жаратпайт.
Бул жалаң эле кыргыз мектептер үчүн экен, жалаң эле этнопедагогиканы айтып жатыптыр. Бул 200, 300 окуучу окуган чакан мектептер үчүн экен. Биз 2800 окуучу окуган мектепте ошончо ата-энелерди кантип чогултуп окутмак элек деген сөздөрдү далай жолу уккам. Ушундайларга жооп табам деп мен өзүмө 10 мугалим тапкам, алардын ичинде орус, дунган, уйгур, өзбек улутундагы мугалимдер да бар. Ошол 10 мугалим директорлордун буйругу менен өз мектептерине координатор болуп, Гапыр агайдын китебинен кыргызча, орусча айтып берип семинар өткөрүп жатабыз. Ата-энелер келип жатат.
Биздин мектепте 27 улуттун балдары окуйт. Шаардагы мектептерден 4 лидер мугалим чыкканбыз, Гапыр агайдын китебин пайдаланып, өзүбүз эле программа түздүк да, жалпы жонунан 7400 ата-энени окуттук. Демек ийгилик болуп эле жатат.
(46 мүнөткө жакын созулган талкуунун урунттуу жерлерин кыскача баяндап бердик – муну окуганга беш эле мүнөт убактыӊыз жетишет. Тексттин каалагандай жерлерин цитаталап алууга да ыӊгайлуу. Семинардын видеосуна шилтемени биздин гезиттин сайтынан да таба аласыздар: https://youtu.be/QsOuJObes0M …)
Фархат Каныбеков, КУТ БИЛИМ
Комментарийлер