Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 1 алтын, 4 күмүш жана 6 коло утту
- 20.01.2025
- 0
13-январдан 17-январга чейин математика, физика жана информатика (IZhO 2025) боюнча XXI Эл аралык Жаутыков олимпиадасы өттү.
Ага Кыргызстандын атынан төрт команда катышты. Жалпысынан олимпиадага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния, Сербия жана Монголиядан 700гө жакын окуучу жана 150 мугалим катышты.
Медалдарга ээ болгон окуучулар:
- Айдарбеков Алихан, 11-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча алтын медаль.
- Лебиев Абдульазиз, 11-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча күмүш медаль.
- Мананов Рамазан, 9-класс, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча күмүш медаль.
- Садирбеков Санжар, 11-класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
- Карыпжанов Нурислам, 10-класс, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
Тренерлери: Урайымов Кылычбек, Мундузбаев Айдар
- Джаникеев Саид, 9-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – информатика боюнча коло медаль.
Тренери: Алмазбеков Бексултан
- Киргизбаев Назар, 11-класс, # 61 АФММЛ ОК – математика боюнча коло медаль.
- Асанкадыров Айдин, 11-класс, # 61 АФММЛ ОК – математика боюнча коло медаль.
- Эшперов Нурсултан, 11-класс, Газпром Кыргызстан мектеби – математика боюнча коло медаль.
Тренерлери: Ишматов Мамат, Жекшеев Дослан, Жолдубай уулу Бекжол
- Абдиев Аскар, 11-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – физика боюнча күмүш медаль.
- Анаралы уулу Эмир, 12-класс, ЮВИС мектеби – физика боюнча күмүш медаль
Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек
IMPACT тренерлер үчүн олимпиадасында төмөнкүлөр медаль алышты:
- Ишматов Мамат, Газпром Кыргызстан мектеби – математика боюнча алтын медаль.
- Аскаров Азамат, “Сапат” ББМ – математика боюнча коло медаль.
- Жекшеев Дослан, Инфоком – математика боюнча коло медаль.
- Урайымов Кылычбек, Сейтек STEM мектеби – информатика боюнча коло медаль.
IMPACT мугалимдер үчүн олимпиадасында төмөнкүлөр медаль алышты:
- Болотбеков Адильхан, “Сапат” ББМ – математика боюнча күмүш медаль.
- Кудашов Доктурбек, “Сапат” ББМ – физика боюнча коло медаль.
- Исмаил уулу Абдибаит, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
- Мамаразыков Рахматуллох, “Сапат” ББМ – информатика боюнча коло медаль.
Бөлүшүү
Комментарийлер