X АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН СУРДО ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН 18 МЕДАЛЫ

  • 09.12.2024
  • 0

X АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН СУРДО ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН 18 МЕДАЛЫ1-декабрдан 8-декабрга чейин Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында кулагы начар уккан дүлөйлөр арасында X Азия-Тынч океан сурдо оюндары курч мүнөздө өттү. Кыргызстандын намысын спорттун 6 түрү: дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, таэквондо, үстөл тенниси жана шахмат боюнча 27 спортчу коргоп, 18 медаль ( 4 алтын, 7 күмүш, 7 коло)   утуп алышты.

Мелдеште Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү  9 медаль жеңип, чеберчилигин көрсөтүштү.

X АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН СУРДО ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН 18 МЕДАЛЫГрек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта  Смадияр Жумкадыров, дзюдо күрөшүндө кыздардан 78 кг салмакта  Валерия Бирило жана эркин күрөш боюнча 74 кг салмакта Адилет Жапаркулов бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынып, үчөө чемпион аталды.

Ошондой эле грек-рим курөшүндө 67 кг- Динмухамед Бигельдиев, 72 кг-Сүймөнкул Икрамов, 82 кг- Дастан Рыспаев; 87 кг- Алишер Шамшединов;97 кг -Нарту Абдурахманов жана 130 кг- Габит Айдарбеков финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болушту.

Коло медаль ээлери:63 кг- Абдурасул Исмаилов менен 77 кг- Сыймык Чолпонбек уулу болду.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда башкы машыктыруучу Фархад Ушуров жана машыктыруучу Рустам Ушуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

X АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН СУРДО ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН 18 МЕДАЛЫДзюдо күрөшүнөн  кыздардан Айтурган Даниярова 57 кг салмакта күмүш байге утту. Каналбек уулу Ильгиз  100 кг салмактагы дзюдочулардан коло байгелүү болду.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Исаков Алмазбек үчүнчү орунду камсыз кылды.

Таэквондо боюнча таймашууларда кыздардан Шахида Амирова алтын, Асылхан Турдукулова менен Бермет Марсбекова коло байге утса, жигиттерден Азамат Мавлонов үчүнчү орунду ээледи .

X Азия-Тынч океан сурдо оюндарына  17 өлкөнүн спортчулары катышты. Командалык эсепте Иран биринчи орунду камсыз кылды. Кийинки оюндар 2025-жылы Жапонияда өтмөк болду.

Кабыл Макешов,

 спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер