Волейболчу кыздар эл аралык мелдеште биринчиликти багындырды

  • 12.09.2024
  • 0

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндердин курамасы Борбор Азия волейбол ассоциясынын “Чакырык кубогун” утуп алды.

Мелдеш 6-11-сентябрда Мальдив аралдарынын Мале шаарында өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандын, Афганистандын, Тажикстандын жана Мальдивдин кыздар командасы ат салышкан. 

Волейболчу кыздар эл аралык мелдеште биринчиликти багындырды

Алгач курамалар бири-бири менен бир жолудан күч сынашты. Жарым финалда Афганистандын волейболчулары менен ойноп, 3:0 эсебинде жеңип чыкты. Ал эми финалдык беттеште Мальдивдин командасын 3:2 эсебинде утуп чыкты.

Бөлүшүү

Комментарийлер