“ВОЛД ШЭЙО-КЕЛЕЧЕК” УЮШТУРГАН СЕМИНАР
- 13.01.2025
- 0
Кайыңды шаарындагы “Волд Шэйо-Келечек” окуу билим берүү борборунда райондук мугалимдер үчүн маанилүү методикалык семинар болуп өттү.
Панфилов райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулган бул иш-чара “Сингапур методун сабакка туура колдоно билүү. Кыргыз тил сабагынан ЖРТга даярдоо” жана “Математика сабагынан ЖРТга окуучуларды туура багытта даярдоо” деген темаларды камтыды.
Семинар методикалык жардам көрсөтүү, окуучуларды ЖРТге даярдоо боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынын эффективдүү окутуу ыкмаларын сунуштоо, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, инновациялык технологияларды колдонуп, санариптик платформаларды окутуу процессине интеграциялоо, тажрыйба алмашуу. Сабактарды пландаштырууда жана дидактикалык материалдарды колдонууда мугалимдер арасында пикир алмашуу максатын көздөдү.
Семинарга Панфилов районунун жалпы билим берүүчү мектептеринен 54 мугалим катышты. “Волд Шэйо-Келечек” борборунун кыргыз тили мугалими Шакирали уулу Орозбек “Кыргыз тил сабагынан тажрыйба алмашуу. Сингапур методун сабакка туура колдоно билүү. Кыргыз тил сабагынан ЖРТга даярдоо” темасында баяндама жасады. Ал эми борбордун математика мугалими Карташова Наталья Валентиновна “Математика сабагынан тажрыйба алмашуу. Математика сабагынан ЖРТга окуучуларды туура багытта даярдоо” темасында өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.
Семинар кызыктуу жана мазмундуу өтүп, катышуучулар темалар боюнча суроо-жооп жана талкуу жүргүзүп, пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты.
Катышуучулар семинарды жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, ушундай иш-чараларды ар бир чейректин аягында уюштуруп турууну “Волд Шэйо-Келечек” борборунун администрациясынан суранышты.
Бул семинар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана билим берүү процессин жакшыртууга чоң салым кошту.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси.
Комментарийлер