ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНА АЛДЫН АЛА ТАНДОО АЯКТАДЫ

  • 27.02.2025
  • 0

2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына 200 орун бөлүнгөн.

Быйыл конкурска катышуу үчүн 618 өтүнмө катталды. Анын ичинен докторантура программасына 12 өтүнмө, магистратурага – 136 өтүнмө, бакалавриатка 470 өтүнмө берилди.

Алдын ала тандоо конкурсунун жыйынтыктары:

Бакалавриат

Магистратура

Докторантура

Негизги тизменин талапкерлери сары түс менен, кошумча тизменин талапкерлери көк түс менен ажыратылды.

Белгилей кетсек, кыргыз тарап сунуштаган (негизги жана кошумча тизмелердеги) бардык талапкерлердин документтери Венгриянын ЖОЖдоруна кароого жиберилет. Андан аркы тандоо венгр тараптын ар бир ЖОЖнун талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Сунушталган талапкерлерге стипендияларды ыйгаруу же ыйгарбоо жөнүндөгү акыркы чечимди Венгриянын ЖОЖдорунан алган тастыктоолордун негизинде “Темпус” коомдук фондунун Камкорчулар кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер