Ваучердик окутууну тандаган Мырзайым
- 15.07.2025
- 0
Өлкөдө биринчи жолу ваучердик каржылоо механизми педагогикалык адистикке пилоттук негизде киргизилди. Ваучер – мамлекет тарабынан бүтүрүүчүнүн өзүнө берилүүчү грант. Ваучердик окутууга быйыл жалпы 1876 квота бөлүнгөн. Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Сексенова да ваучердик программа аркылуу окууну тандады.

Мырзайым Сексенова мектепти кызыл аттестат менен аяктап, тилекке каршы, алтын сертификат алууга тиешелүү балл топтой албай калган.
Бүтүрүүчү кичинекей кезинен мугалим болууну каалайт. Муну билген бир тууган эжеси ваучердик система тууралуу угуп, катышып көрүүнү сунуштаган. Ошондо www.2020.edu.gov.kg сайтына кирип, ваучер тууралуу маалымат алган соң көп ойлонбой катталган.
- Сайтта ваучер тууралуу кыска видео бар экен. Андан мамлекет сен үчүн каражат бөлүп берерин, өзүң каалаган жеке менчик же мамлекеттик ЖОЖду тандарыңды, окууну аяктагандан кийин төлөм акыны иш жүзүндө кайтарып береиңди билдим. Буга чейин ваучердик программа тууралуу кабарым жок эле. Бул программа мага жакты. Өзгөчө баласын окутууга мүмкүнчүлүгү жектебеген үй-бүлөлөргө жакшы жардам болот. Себеби каражаттын жетишсиздигинен айрым бүтүрүүчүлөр билим алуудан баш тартууга мажбур болушат. Мамлекеттин бул колдоосу билимдүү жаштардын чыгуусуна өбөлгө болот, — дейт.

Мырзайым Сексенованын апасы, таене, таятасы, таежеси – мугалимдик кесиптин ээлери. Мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү алардын ишмердүүлүгүн көрүүдөн ойгонгон.
- Мен кичинекей кезимден таенем жана таежемдин колунда өстүм. Алардын окуучуларга үзүлүп сабак берип жатканын, жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жакшы көрөрүн көрүп чоңойдум. Башка балдар таенем менен таежемди мактап, “эң сонун мугалимдер” дегени мага абдан жагымдуу болчу. Алардын эмгегин ата-энелери да баалаганына ушунчалык сыймыктанчумун. Ушундан уламбы, мага да бирөөгө билим берген, жаңы маалымат менен бөлүшкөн абдан жагат. Мен берген маалымат аларга пайдасын тийгизсе, өзүмчө толкунданам. Билим келечектин негизи деп билем, ошондуктан педагогикалык багытты тандадым, — дейт абитуриент.
Ал мектепте алдыңкы окуучу гана болбостон, мыкты тарбиясы, жүрүм-туруму менен мугалимдеринин эсинде калган бүтүрүүчү. Бош убакытында англис тилин өздөштүрүүгө кызыгат, ошондой эле спорттун воллейбол түрү менен машыгып келет.
Ваучер — бул мамлекет тарабынан бүтүрүүчүгө берилген каржылык колдоо. Аны утуп алган талапкер каалаган жогорку окуу жайын тандоо укугуна ээ болот. Эгерде окуу жайдын контракты ваучердин суммасынан ашып кетсе, айырмасын студент өзү төлөйт.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер