ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛОО БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

  • 18.01.2024
  • 0

ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛОО  БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарында ваучердик каржылоону пилоттук апробациядан өткөрүү максатында, ваучердик каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзөт. Ал жумушчу топ 2024-жылдын 1-мартына чейин ваучердик каржылоо механизмин иштеп чыгат. Бул механизм кайсыл райондо, шаарда апробациядан өтө турганы 25-мартка чейин аныкталмакчы.

 Азыркы күндө мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды ченемдик каржылоого өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер менен макулдашууга жиберилди. Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов бул тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

— Бул токтомдор кабыл алынгандан кийин ваучердик каржылоо механизмдери иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 64-беренесине ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып баштала турган пилоттук апробацияга даярдалат.

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндөгү” №179 Мыйзамынын 3-беренесинде “ваучер-бюджеттик каражаттардан ченемдик каржылоонун негизинде билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын накталай эмес формада төлөөнү жүзөгө ашырууга мамлекетке мүмкүнчүлүк берүүчү финансылык инструмент” деп белгиленген. Бул ваучердин көлөмү ченемдик каржылоонун көлөмүнө барабар дегенди түшүндүрөт.

Билим берүү системасына ваучердик каржылоо механизмдерин киргизүү алдында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды ченемдик каржылоого өткөрүү керек. Ваучердик каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу процессинде министрлик тараптан ийгиликтүү ишке ашырылган өлкөлөрдүн тажрыйбасына анализ жасоо да пландалууда, — дейт.

Ваучердик моделдин артыкчылыктары

Билим берүүнү каржылоонун ваучердик модели азыркы мектеп реформасынын эң башкы талаптарынын бири. Англис тилинен которгондо “ваучер” — “кепилдик”, “тил кат” деген маанини түшүндүрөт. Билим берүүдө бул ата-эненин мамлекет менен түзгөн келишими болуп эсептелет. Мамлекет ваучер аркылуу өз жаранына түздөн-түз акча которуусуз эле окуу курсун сатып алуу укугуна кепилдик берет. Мындай шартта мамлекет билим берүү мекемесине акча которуу жолу менен окуу акысын жарым-жартылай же толук төлөп берүүгө милдеттенет.

Ата-эне баласын кайсы бала бакчага же мектепке берүүнү өзү тандайт, натыйжада кайсы мектепке бала көп барса, ошол мектеп көбүрөөк каржыланат жана бала бакчалар, мектептер бул укукка ээ болуу үчүн бири-бирине атаандашууга аргасыз болушат.

Мындан тышкары, ваучер калктын жакыр катмарына даректүү колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, ошону менен коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууга салым кошот.

Ваучерлер – ар кандай кирешелүү адамдардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын механизмдеринин бири. Каржылоонун бул ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча бала бакчанын же мектептин инфраструктурасын өнүктүрүүгө же тарбиячылардын жана мугалимдердин эмгек акысын төлөөгө эмес, бакчага келген балага жана окуучуга көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет.

Жыйынтыктап айтканда, ваучердик каржылоо моделинин биринчи артыкчылыгы – бул каражат бала бакчага жана мектепке окуучунун санына жараша бөлүнгөндүгүндө, экинчиден,  мугалимдин ишке болгон жоопкерчилиги жогорулайт, башкача айтканда, мектепте тийди-качты сабак берген мугалимдер болбойт. Үчүнчүдөн, рентабелсиз иштеген билим берүү мекемелери бара-бара жоюлат. Мектеп жана бала бакча куруу маселесин жергиликтүү бийлик органы эмес, Билим берүү жана илим министрлиги чечет. Төртүнчү артыкчылыгы – мектептерде предметтик сабактардын саны кыскарып, окуучулардын окуу жүктөмү азаят жана дагы бир, эң маанилүү артыкчылыгы – бул бөлүнгөн акчага коомдук көзөмөл күчөтүлүп, ар бир тыйындын өз орду болот.

Чет элде кандай?

Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү ваучерлерин киргизүү тажрыйбасы бир катар өлкөлөрдө жемиштүү иштеп келатканы белгилүү. Адатта аларда каржылоонун мындай новатордук модели «акча баланы ээрчийт» принциби аркылуу ишке ашырылып келет. Ваучердин баасы окутуунун орточо баасы менен аныкталат.

Адистер билим берүү тармагы жакшы өнүгүп жаткан өлкөлөр ашыкча борбордоштуруудан алыс болуп, тандоо, чечим чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн мектептерге, ата-энелерге жана балдарга беришерин белгилешет. Алсак, АКШ, Улуу Британия,  Финландия, Сингапур, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө билим берүүгө киргизилген ваучердик механизм мыкты натыйжа берген. Улуу Британиянын мисалын карап көрөлү. Мында ваучер программасы 1981-жылдан бери иштеп келатат. Анын максаты — жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдарга сапаттуу билим алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү. Алар билим берүү жана илим департаментинде катталган өз алдынча мектептерде окуу акысын төлөө үчүн каржылык колдоо алып турат.

Статистикага үңүлсөк, аларда 1992-жылы ваучердин баасы жылына орточо 3500 долларды түзгөн, ал эми үч жылдан кийин бул программага 294 өз алдынча мектептен 29 800 окуучу тартылган. Программага жыл сайын 11-13 жаштагы 5000ге жакын бала кошулуп турган. Ал эми 1990-жылы АКШдагы Милуоки мектебине “Милуокидеги ата-энелердин тандоо программасы” киргизилген. Адегенде калктын эң жакыр катмарына каржылык колдоо жетпей калабы деген коркунуч жаралганы менен, жыйынтыгында 10 жыл ичинде программага 8000 бала камтылып, 1994-жылы бир ваучердин баасы 2900 долларды түзгөн. Программа алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да, ортозаар окуган балдарга да жеке мектептер ар кандай окуу программаларын сунуштаган.

Ваучердик схеманын дагы бир артыкчылыгын белгилесек болот, анын жыйынтыгында ата-энелер окуу процессинин уюштурулушуна жана балдардын тартиби жана билим деөгээли жогорулаганына ыраазы болгон.

Мындан тышкары, программаны ишке ашыруунун алгачкы этабында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чындап эле калктын эң муктаж катмары материалдык жардам алганын көрсөткөн.

Демек, ваучердик система киргизилсе, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеке менчик бала бакчаларга жана мектептерге баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт жана ошол эле учурда мамлекеттик мектептерде окуучулардын ашыкча санда билим алуу көйгөйү чечилет дешет адистер.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, республикада 2022-2023-окуу жылында бала бакчалардын жалпы саны 1834 түзгөн, бул 122 объектиге көбөйдү дегенди билдирет. Анын ичинен 1583 мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелери болсо, 251 бала бакча — жеке менчик. Балдарды типтүү бала бакчаларга камтуу 220 012 баланы түзгөн (же мектепке чейинки балдардын санынан 26,4% түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5% көп).

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү максатында былтыр биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке ашырылып, анын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлө баштады. Бул программанын жыйынтыгында 800 адам окуудан өтүп, 570 адам сертификат алган. Бишкек шаарынын эки районунда иштеген пилоттук долбоордун алкагында 262 жеке ишкер катталган жана 900гө жакын бала камтылган үй тибиндеги 36 бала бакча ачылган. Былтыр кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салык төлөөдөн, лиценция алуудан бошотулган. Пилоттук түрдө иштеген программа республикабыздын жалпы аймагына жайылтылса, бала бакчага айлап-жылдап кезекке туруу жоюлуп, таза атаандаштык кырдаалда ата-эне балдарын өздөрү тандаган бала бакчага жетелеп бара алат деген ишеним бар.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер