ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ КИМДЕРДИ КАРЖЫЛАЙТ?
- 02.12.2025
- 0
Кыргызстандагы 374 бала ваучердик каржылоонун негизинде жеке менчик бала бакчаларга бара баштады. 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 токтомго ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоонун алкагында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар камтылат.
Ваучер статусуна ээ канча жеке менчик бала бакча бар
Токтомдо белгиленгендей, бул пилоттук программага мамлекеттик жана ведомстволук бала бакчалар кирбейт, т.а. ваучер алган балдар жеке менчик же үй тибиндеги бала бакчаларга бара алат. Башкача айтканда, жеке менчик бала бакча ваучерге катышууга макул болуп, ваучердик мекемелер катары катталган тизме аркылуу тандоого кирген болсо, ал бала бакча ваучер боюнча келген баланы кабыл алууга милдеттүү болуп эсептелет.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Усенбаевадан алынган маалыматка караганда 2025-жылдын декабрь айындагы маалыматтар боюнча ваучер алуу үчүн өлкө боюнча 1145 ата-энеден арыз түшкөн. Алардын ичинен 563 арыз социалдык маселелер боюнча комиссиядан каралууда. Натыйжада азыркы учурда жеке менчик бала бакчага 374 бала бара баштады. Жалпы 235 жеке менчик жана үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмдары “Балалык” системасында ваучердик мекеме болуп катталган.
— Бишкек шаары боюнча ваучердик механизм менен каржыланган жеке менчик бала бакчага барууну каалаган 437 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 195 арыз каралып, ваучердик жеке менчик бала бакчаларга бара баштаган балдардын саны 115 болгон. Ал эми ваучердик мекеме катары 137 жеке менчик бала бакча катталган. Аймактарга бөлүп караганда Ош шаары боюнча 129 арыз кабыл алынып, 89 арыз каралган. Натыйжада 22 бала ваучердик жеке менчик бала бакчаларга бара баштаган. Шаарда ваучердик мекеме катары 35 жеке менчик бала бакча катталган. Баткен облусу боюнча 141 арыз түшсө, анын 84 арызы каралып, 77 бала бакчага бара баштады. Бул аймакта ваучердик мекеме катары катталган 18 жеке менчик бала бакча бар. Жалал-Абаддан — 65 арыз, Ош облусунан — 167 арыз, Ысык-Көлдөн — 55 арыз, Таластан — 13 арыз, Нарындан — 25 арыз жана Чүй облусунан 114 арыз түшкөн. Аймактарга бөлүп караганда эң көп арыз Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Баткен жана Чүй облустарынан экендиги көрүнүп турат жана ошого жараша балдардын эң көп саны да ошол аймактарга тиешелүү. Жалпысынан алганда 1145 арыз түшсө, анын ичинен 563 арыз каралган жана учурда ваучердик жеке менчик бала бакчаларга барып жаткан балдардын жалпы саны 374 баланы түзөт. Республика боюнча алып караганда 235 жеке менчик бала бакча ваучердик мекеме катары катталган, — дейт башкармалыктын башкы адиси Чолпон Усенбаева.
Ушул эле маалымат булагынан белгилүү болгондой, ваучердик механизмин пилоттоонун алкагында билим берүү компоненти үчүн республикалык бюджеттен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы ваучер статусун алган балдар үчүн, ал эми Баткен облусуна республикалык бюджеттен тамактануусу үчүн дагы кошулуп каржыланды. Мындан ары жеке менчик бала бакчалардын жетекчилеринин колу коюлган кызматтарды берүү жөнүндө актысы, балдардын катышуу табели, эсеп-фактурасы сыяктуу керектүү документтер электрондук түрдө айдын аягында министрликке тапшырылган соң каржыланып турмакчы.
Белгилей кетсек, пилоттук райондорго белгиленген квота Бишкек шаарында 200гө, Ош шаарында 90го, Ош облусунда 100гө жеткирилди. Ал эми Нарын облусунда 100 квота каралса, анын ичинен 5 эле бала ваучер стасун алган, ошондой эле Жалал-Абад облусунда 65 арыздан 7 гана арыз каралган.

Аламүдүн районунун Мраморное айылындагы «Акжол» үй тибиндеги бала бакчанын башчысы Жанара Ысмаеванын айтымында, аталган бала бакчага квота менен 15 бала кабыл алынган.
— Биздин жеке менчик бала бакча 2023-жылы ачылган. Ушул жылдын июль айынан тартып ваучердик каржылоо системасына өткөнбүз. Азыркы учурда 15 балага квота бар. Ата-энелер ай сайын 1500 сом төлөйт, 1400 сомун айыл өкмөтү тарабынан балдардын тамактануусун каржыласа, калганы ваучердик каржылоонун алкагында билим берүү компоненти үчүн төлөнөт. Балдар үч маал ысык тамак менен камсыздалган. Бөбөктөрдүн жаш курактарына жараша оюндар ойнолуп, сабактар өтүлөт. Жаңы ачылгандыгына байланыштуу анча-мынча кем-карчтарыбыз да бар, мисалы, оюн аянчабыз жок, техникалык жактан жетиштүү жабдыла элек. Ушул жагынан жардам болсо, абдан сонун болор эле, — дейт Жанара Ысмаева.
Ваучердик каржылоонун укуктук негиздери
Ата-энелер социалдык тармактардан ваучердик механизмдин укуктук негиздери, ваучердик программасы жөнүндө суроолорго жооп издеген учурлар кездешип жатат. Айрыкча алар бала кандай шартта кабыл алынбайт деген суроолорго жооп күтүшүүдө. Өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген эне кат жүзүндө кайрылып, баласы ваучердик программа боюнча бала бакчага комиссиядан өтүп, тизмеде көрсөтүлгөн жеке менчик бала бакчаны тандагандыгына карабай, баланы ал жакка кабыл албай койгондугун жазат. Ал бала бакчанын жетекчилиги аларда өзгөчө балдар менен иштеген адистер жок экендигин жүйөгө тартып, атайын адистештирилген бала бакчага барууну сунуштаган. Ата-эне алардын бул жообуна нааразы. Мындай учурда алар кайсы жакка кайрыла алышат жана деги эле ушундай себептер менен баланы кабыл алууга укуктуубу деген суроо пайда болот. Бул суроого Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын адистери ваучер алуучулардын категориялары жөнүндө төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
Мектепке чейинки билим берүүгө ваучер алуучулар — иш жүзүндө пилоттоо райондорунда жашаган, мамлекеттик бала бакчаларга барбаган, 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар болуп саналат.
Ваучер төмөнкү категориядагы балдарга берилет:
- Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары (18 жашка чейинки 5 же андан көп баласы бар, асырап алынган балдар да эсепке алынат).
- Майыптыгы бар, бирок жеке ассистент кызматын албаган балдар.
- Ата-энеси I же II топтогу майыптыгы бар жана ошол майыптыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Баткен облусунун чек ара тилкелеринде, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу же алыскы райондордо жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
Баланы ваучердик каржылоодогу жеке менчик бала бакчага качан кабыл албайт
Жеке менчик бала бакча ваучердик программага катышууга макул болуп, тизмеге кирген болсо, баланы негизсиз кабыл албай коюуга укугу жок. Себеби:
- Ваучердик программа жеке менчик бакча менен мамлекет ортосундагы келишимдин негизинде иштейт. Ошондой эле ата-энелер менен дагы келишим түзүлөт.
- Бала бакча ваучер алууга катышып тизмеге кирген соң, бардык ваучер алуучу категориядагы балдарды кабыл алууга макул болгон болуп эсептелет.
- Эгерде балага атайын медициналык каршы көрсөтмө жок болсо, бала өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү (мамлекет аны “майып балдар” деп да аныктайт) кабыл албоого себеп боло албайт. Бирок эскертүү: Эгерде баланын медициналык картасында “адистештирилген мекемеге жөнөтүү” тууралуу расмий корутунду болсо, андай кырдаалда баланы кабыл албай коё алат. Ошол эле учурда бала бакчанын “бизде адис жок” деген жалпы сөзү негизсиз жана мыйзамдуу себеп эмес.
Эгерде баланы бала бакчаларга мыйзамсыз кабыл албай жаткан фактылар тастыкталса, ата-энелер төмөнкүдөй аракеттерди көрсө болот: биринчиден, ата-эне баланы эмне себептен кабыл албай жаткандыгын, кайсы нормативдик актыга ылайык экендигин түшүндүрүп берүүсүн жазуу түрүндө талап кылышы керек. Экинчиден, ата-эне жашаган жерине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө арыз жазып кайрылса болот. Ошондой эле Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына кайрыла алат. Дагы бир чарасы – балдардын укугун коргоо мекемелерине кайрылууга укуктуу.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер