“USTAT” ПЛАТФОРМАСЫ — АР БИР МУГАЛИМДИН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
- 28.10.2025
- 0
Кыргызстанда мугалимдер үчүн жаңы санариптик Устат билим берүү платформасы — Ustat ишке кирди.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунда мугалимдер менен усулчулар үчүн жаңы санариптик «Ustat» платформасы иштей баштады. Платформанын ишке кириши Институттун 80 жылдык мааракесине туш келип, ал мекеменин өнүгүүсүндөгү жана билим берүүнүн заманбап санариптик форматына өтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
— Билим берүүнүн санариптешүүсү — бул учурдун талабы гана эмес, билимдин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө коюлган негизги шарт. “Ustat” платформасы өлкөнүн бардык аймактарындагы ар бир мугалимге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин максат — мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу. Биздин миссия — мугалимди колдоо. Анткени күчтүү мугалим — бул күчтүү мектеп, ал эми күчтүү мектеп — бул өлкөбүздүн күчтүү келечеги, -деди институттун директору Алмазбек Токтомаметов.
“Ustat” платформасы Кыргызстандын Ulut Soft.kg аттуу IT-компаниясы тарабынан Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыкты. Ал билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Ustat билим берүү порталы мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт.
Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:
- заманбап окуу программалары боюнча онлайн-курстар жана видео-лекциялар;
- практикалык тапшырмалар жана тестирлөө бөлүмдөрү;
- электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системасы;
- жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
- жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр;
- окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк.
Бүгүнкү күндө платформада 9 миңден ашуун мугалим катталган, алар учурда билим алуу процессин баштап, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алышууда.
Ustat мугалимдерге эмне берет?
Бул платформа ар бир мугалимге — жашаган же иштеген жерининин өзгөчөлүгүнө карабастан — квалификациясын жогорулатууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү максатында иштелип чыккан.
Адистер платформанын негизги артыкчылыктарын белгилешүүдө.
Убакытты жана каражатты үнөмдөө — окутуу толугу менен онлайн форматта өтөт, мугалимдерге борборго же облустук борборлорго баруунун зарылдыгы жок.
Иш ордунда окутуу — мугалимдер жумушунан бошотулбастан квалификациясын жогорулата алышат.
Дуалдык формат — теориялык билим дароо сабак учурунда практикага колдонулат.
Географиялык чектөөлөр жок — өлкөнүн бардык аймагындагы педагогдор үчүн платформа ачык.
Курс өтүүдө чектөө жок — эми мугалимдер жыл сайын каалаганча окуй алышат, мурдагыдай чектөөлөр алынды.
Ачыктык жана коррупциялык тобокелдиктерден коргоо
Ustat системасы мамлекеттик АИС “Мугалим” платформасы менен интеграцияланган. Демек:
- Ар бир мугалим реалдуу түрдө катталат;
- Анын курска качан киргени, канча саат окуганы жана тестирлөөдөн кандай жыйынтык көрсөткөнү ачык көрүнөт;
- “Жасалма” сертификат алуу мүмкүн эмес, ар бир документ системада тастыкталат;
- окуунун жыйынтыктары автоматтык түрдө катталат.
Курс аяктагандан кийин мугалимдер электрондук сертификат алышат, анын юридикалык күчү кагаз түрүндөгү документ менен бирдей. Зарыл учурда анын басылган нускасы да берилет. Ар бир сертификатта анын чыныгы экенин ырастаган QR-код бар.
— Бүгүн ар бир алынган сертификат мугалимдин чыныгы билимин тастыктайт. Бардык жыйынтыктар системада автоматтык катталат жана өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Бул — коомдун квалификацияны жогорулатуу системасына болгон ишенимин бекемдөө үчүн абдан маанилүү, — деп белгиледи институттун директору.
Ustat платформасы — институттун санариптештирүү багытындагы чоң программасынын бир бөлүгү
Жаңы платформадан тышкары институт төмөнкү санариптик чечимдерди да ишке ашырат:
- угуучулардын окуусун каттоо үчүн электрондук журнал;
- электрондук тестирлөө системасы;
- материалдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган жаңыланган расмий веб-сайт;
- мыкты мугалимдердин сабак конспекттери жана усулдук иштелмелери камтылган “Методикалык куржун” бөлүмү.
Институттун электрондук сертификаттарынын юридикалык күчү кагаз документтер менен бирдей.
Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институту 1945-жылы негизделген жана ушул 80 жыл ичинде Кыргызстандын мугалимдеринин кесиптик өнүгүүнүн башкы борбору болуп саналат. Бүгүн институт билим берүүнүн сапатын чыңдоону жана заманбап технологияларды жайылтууну улантууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”



Комментарийлер