УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ: МУУНДАР ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БАЙЛАНЫШЫ
- 06.02.2026
- 0
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунда «Кыргыз педагогикасынын көрүнүктүү өкүлү, залкар окумуштуу жана улуу устат, педагогика илиминин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун илимдеги жана билимдеги орду» аталышындагы устат менен жолугушуу иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул жолугушуу жаш муунга илимдин кадыр-баркын, устаттын коомдогу ордун таанытууну максат кылды.

Жолугушууну И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунун директору Рахат Сулайманова улуу устат Э. Мамбетакуновду студенттер менен тааныштырып, иш-чаранын максатына жана коомдук маанисине кенири токтолду. Устат менен студенттин жандуу баарлашуусу тарбиялык жана илимий жактан өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө институттун 3-курсунун студенти Талгарбекова Жанара жана физика факультетинин 4-курсунун студенти Ратбеков Ринат баяндамалар менен чыгып, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, кыргыз билим берүү тармагына кошкон зор салымын кеңири ачып беришти. Докладдарда устаттын илимий мурасы, педагогикалык көз караштары жана тарбия маселесиндеги орду өзгөчө белгиленди.

Жолугушууда улуу устат Эсенбек Мамбетакунов студенттерге кайрылып, насаат, кеп-кеңешин айтты.

— Тарбия деген — бул жөн гана эреже же талап эмес. Тарбия — жакшылыкка үндөө, жакшылык жасоонун үлгүсүн көрсөтүү жана ошол жакшылыктын адамды бийиктикке алып барарын түшүндүрүү. Эгер адам жакшылыкка ишенсе, ал сөзсүз жакшылык жасоого умтулат. Силер жалпы педагогиканы үйрөнүп жатасыңар, бирок унутпагыла: илимий педагогика элдик педагогикасыз жашай албайт. Анткени ар бир элдин жашоосунда, турмушунда топтолгон тажрыйба — анын эң чоң байлыгы. Кыргыз эли үчүн бул улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, табият менен таттуу мамиледе болуу, каада-салтты сактоо, адамгерчилик жана нарктуулук. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаштарын тарбиялоонун максаты — руханий жактан бай, адеп-ахлакка бекем, ден соолугу чың, улуттук наркты жан дүйнөсүнө сиңирген, дүйнөлүк бийиктикке умтулган кыргыз жаранын калыптандыруу. Бул силердин колуңарда, — деди профессор.
Андан соң ал жаштарды кыргыз педагогикасынын тарыхын терең билүүгө, элдин жашоосунан чыккан таалим-тарбиялык ыкмаларды, макал-лакаптарды, “Манас” эпосун жана ата-бабалардын тажрыйбасын учурдун талабына ылайык пайдаланганга, “Билим алуу — ийне менен кудук казгандай” дегендей, билимге чыдамкайлык, сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды.
— Силер — келечектеги мугалимдер, тарбиячылар, илимпоздорсуңар. Ар бириңердин сөзүңөр, мамилеңер, иш-аракетиңер башкалар үчүн үлгү болот. Ошондуктан билимиңерди гана эмес, адамгерчилигиңерди да дайыма өстүргүлө, — деди улуу устат.
Ошондой эле окумуштуу өзүнүн илимий эмгектери жана жарык көргөн китептери тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эмгектеринин жаралуу тарыхына, мазмунуна жана билим берүү процессиндеги практикалык маанисине токтолуп, педагогикалык ишмердүүлүктөгү тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан сырткары улуттук таалим-тарбия маселесине өзгөчө көңүл буруп, балалык чагындагы тарбия менен азыркы доордогу билим берүү процесстерин салыштырып, муундар аралык айырмачылыктар тууралуу терең ой жүгүрттү.

Аталган иш-чара суроо-жооп форматында улантылып, студенттер жана окутуучулар тарабынан мазмундуу, актуалдуу суроолор берилди. Устат ар бир суроого кеңири жооп берип, жаштарга илим жолундагы изденүү, эмгекчилдик жана адеп-ахлак тууралуу насааттарын айтты.


Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүү тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан педагогдорго, ошондой эле докладдар менен активдүү катышкан студенттерге Кыргызстан педагогдор коомунун Ардак грамоталары тапшырылды.

Жалпысынан иш-чара жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн илимий да, тарбиялык да мааниси жогору болду. «Устат менен жолугушуу» иш-чарасы муундар ортосундагы руханий байланыштын, илимге болгон урматтын жана педагог кесибинин кадыр-баркынын дагы бир ирет даана көрүнүшү болду.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер