УСТАТ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК
- 29.09.2025
- 0
Жакында «Ноокат билимканасында» жакшы саамалык өттү.

Окуу жайыбыздын түптөөчүсү, илимий жетекчибиз, Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, ф.м и.к. Мамаюсупов Өмүрзак Шеранович кезектеги Кара–Таш айылына жасаган сапарында кайрадан өзү түптөгөн билим ордосуна келип, ал жерде өмүрүнүн гүлдөгөн учурун балага арнап, окуткан балдарынын келечеги үчүн жан үрөп иштеп жаткан мугалимдер жамаатына, ошондой эле ар тараптуу изденип, алыска талпынып, чыгармачылык менен окуп жаткан окуучулары менен жолугушууга келди.
Бул жолкусу өзгөчө болду. Анткени устат бул жолу билим ордосунда алды 40, арты 20 жыл өмүрүн, бардык билгенин, тажрыйбасын балдарга берүү менен алектенип келген мугалимдер жамаатында кезинде балдарга билим-тарбия берүү менен гана чектелбестен, өз билимин, тажрыйбасын илимий иш менен айкалыштыра эмгектенген кесиптештерге, ошондой эле өзүнүн предмети боюнча бир топ жылдар бою топтогон иш тажрыйбаларын жазып, шериктеш изилдөөчү болуп, усулдук–колдонмолорду иштеп чыккан, ошондой эле илимий семинар, конференцияларда доклад жасап, бир нече илимий макалалары атайын илимий- педагогикалык журналдарга жарыяланган мугалимдерге колдоо көрсөтүү ниетинде келди. Экинчиден, канча айтылганы менен «Ноокат билимканасындай заманбап окуу корпусу жок, материалдык-техникалык базасы да чыңдоого муктаж болгон билим ордолоруна түрдүү кесипке багыттоочу (даярдоочу) чакан көмөкчү чарбаларды уюштуруу үчүн инвестиция тартууда долбоорлор менен иштөөнүн жолдорун сунуштоону да устатыбыз ойлоду деп ишенем.

Ошол себептен Өмүрзак Шеранович бул сапар «Ноокат билимканасына» жамааттын буга чейинки жасаган эмгегине кайдыгер эмес инсандарды: педагогика илимдеринин доктору, ф.м.и.к., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Ш.А.Алиевди, азыркы кезде ардактуу эс алууда жүргөн эмгек ардагери, орус тили жана адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси Эргешов Абдиназар агайды ээрчите келди.
Өмүрзак Шеранович жана келген коноктор алгач «Ноокат билимканасынын» алдында аялдар менен кыздарды колдоо максатында ачылган тигүү-бычууну, курап-жасалгалоону окутуп-үйрөтүүчү окуу борборунун ачылыш аземине күбө болушуп, анын тасмасын өздөрү кесип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Бул долбоор –тренингдин максаты окуучулардын, катышуучулардын жеке ишкердик, бизнес ишмердүүлүгүнө ылайык келген өнүмдөрдү же кызматтарды түзүүгө окутуу эле.
Чыгармачыл тармактардагы кыздар, аялдар мында окуп–үйрөнүү менен рынокко кирип, өз бизнесин өркүндөтүшөт же түзүшөт. Алар экономикалык өнүгүүдө аялдардын ролунун маанилүүлүгүн түшүнөт.
Келечекте мындай алгылыктуу иштердин арбын болуп, айыл калкынын жана балдарыбыздын Мекенибиздин гүлдөп–өсүшүнө салым кошуу менен, келечекке ишенимдүү кадам таштарына изги тилектерин билдиришти.
Андан соң, илимий жетекчи жалпы мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, өзүнүн эки сааттан ашык маегинде мугалимдерге «Жогорку педагогиканын негиздери жана айыл мектептериндеги мугалимдердин илимий иштерине көмөк көрсөтүү» деген аталыштагы илимий кеп куржуну менен бөлүшүп, Ноокат районундагы аспирантураны аяктаган мугалимдерге бир топ кеңештерин айтып, илимий жааттагы жетишкендиктер жана тажрыйбаларды колдонууну сунуштады.

Ал эми ардагер мугалим Абдиназар Эргешов Билимкана, андагы ынтымактуу жамаат тарабынан жасалган эмгектерди айтуу менен жылуу пикирин билдирип, өз колу менен даярдалган бир нече инсандын эмгектери чагылдырылган материалдардан даярдалган портфолиолорду белекке берди.
Андан соң илимий жетекчибиз өз маегинде 36 жыл аралыгында Кара-Таш айылынын (ал тургай республиканын түрдүү аймактарынан келип окуган балдар да арбын болгон) балдары, «Ноокат билимканасы» үчүн жасалган иштер, анын артынан келген ийгиликтер, жетишкендиктер жөнүндө ОшТВ нын журналисттеринин суроолоруна жооп берди. Ал маекте тоо боорунда жайгашкан көзгө комсоо көрүнгөн жепирейген имаратта оргуштап кайнаган билим–тарбия процессинин негизинде Ноокат районун билим берүү жагынан республикага такай таанымал кылып келген көрсөткүчтөр, анда эмгектенген мугалимдер жамааты, билим алып, бүгүнкү күнү дүйнөнүн төрт бурчунда эмгектенип жүргөн билимканачы–бүтүрүүчүлөр, алардын жасаган иштери жөнүндө сөз болду.
Бул иш-чарада Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынан келген коногубуз да «Ноокат билимканасындагы» аткарылган иштер менен таанышып, үйрөнүп, кеңеш алып, биздин билим ордобуздун үлгүсүндө Аксы аймагында «Келкел» аталышындагы жеке менчик мектеп–лицей ачууну көздөп, атайын келгендигин билдирди.
Андан кийин семинарыбыз билим ордобуздун жаш таланттары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
Семинардын экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарынан келген атайын мейманыбыз, профессор Ш.А.Алиев билимканачы- аспиранттар, илим изилдөөчүлөр математика мугалими К.Акбаевага, биология мугалими Г.А.Мамытовага, кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Т.Айдаровага, физика мугалими М.Э. Тогаевага, химия мугалими Н.Т. Мариповага, математика мугалими Абдисалан кызына «12 жылдык билим берүү алкагында математика предметинин мазмунун жаңылоонун концепциясы (окутуунун бардык этаптары боюнча)» деген темада билдирүү жасап, ошондой эле мугалимдердин илимий иштерин улантуу багытында кандай иштерди, кадамдарды жасоо керектиги тууралуу ары олуттуу, ары пайдалуу кеп-кеңештери менен бөлүштү.
Бул баарлашуу үч саатка чейин созулуп, биздин мугалимдер улам ар түрдүү суроолор менен кайрылып, профессор агайдын да бул ынтызарлыкка, мугалимдердин умтулуусуна, аракетине, билимине ыраазы болгондугу байкалды.

Ошентип, «Ноокат билимканасында» өткөрүлгөн кезектеги иш–чара (илимий семинар) өз жемишин бере алды.
Макаланын соңун илимий жетекчибиз Мамаюсупов Өмүрзак Шерановичтин «АР БИР КЫРГЫЗДЫН ҮЙҮ – БИЛИМКАНАГА АЙЛАНЫШЫ КЕРЕК’ деген турмуштук кредосу менен аяктагым келди…
АЙДАРОВА Нурийла, «Ноокат билимканасы» зээндүү балдардын жатак мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Билим берүүнүн мыктысы, «Көрөңгөлүү мугалим» номинациясынын ээси
Комментарийлер