“Урааным Манас” кароо-сынагы. Баш байге-Кадамжайда!
- 22.01.2026
- 0
“Урааным Манас” кароо-сынагынын жыйынтыгы менен Кадамжай району баш байгени» жеңип алды. Сыймыктуу бул сыйлыкты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исраилов Нурланбек республикалык жыйынга катышып алып келди.
Азыркы учурда өлкөбүздө улуттук идеологияга, анын ичинде өсүп келе жаткан жаш муунду «Манас» эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Нарк, салт билген кыргыздын кийинки муунун улуу эпостун ыргагында тарбиялоо үчүн натыйжалуу иштер жасалууда. «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын уюштуруучусу Нурбек Талантбеков кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон «Манас» үчилтигин жайылтууга опол тоодой салымын кошууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “ Семетей”, “Сейтек” эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кадамжай районунун аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарында “ Урааным Манас” аталышындагы кароо-сынагы быйылкы окуу жылында ар бир мектептин өзүндө өткөрүлүп, анын жыйынтыгы кыргыз тили жана адабият боюнча райондук усулдук бирикменин жетекчилери Жылдызкан Мурзалиева менен Айша Исаковалар тарабынан жыйынтыкталды. Мындан тышкары, ар бир аймакты жетектеп, уюштуруу иштерин талаптын деңгээлинде камсыздап берген аймактык усулдук бирикменин жетекчилеринин үзүрлүү эмгектери баа жеткис. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, Ак-Турпак айыл аймагындагы мектептердин усулдук бирикменин жетекчиси Уулбү Айтбаева, Айдаркен аймагынын жетекчиси Караева Гулсун, Исхак-Полотхан айыл аймагындагы мектептердин бирикме Жээнбекова Бибигүл, Кадамжай аймагынан Ормонова Мукадас (мурдакы жетекчи), Айрыбаз аймагынан Жамшутова Жаркынай, Майдан аймагынан Рысбаева Гүлбарчындын, райондогу жалпы мектептерде эмгектенип жаткан кыргыз тили мугалимдери менен мектеп жетекчилигинин республикада баш байгени жеңип алууда кошкон салымдары опол тоодой.

Республикалык деңгээлдеги бул ийгиликти жаратууда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын , айыл аймактарынын жетекчилеринин “Урааным Манас” кароо –сынагын өткөрүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөнү, “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбековдун жетекчилиги менен реалдуу жыйынтык чыгарылгандыгына кадамжайлык билим берүү кызматкерлери терең ыраазычылык билдирүүдө.
«Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, жеткинчектерге тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу жана улуттун уңгу жолун түзгөн нарктуу көчтү улантуучу жаштарды өстүрүү — биздин негизги максатыбыз!»,-деп айтылат кадамжайлык билим берүү кызматкерлери жиберген билдирүүдө.
«Үч-Коргон жана Айдаркен аймактарында тажик улутундагы окуучуларыбыз кыргыз тилинде таза сүйлөп, шатыратып, кызыгып, “Манас” айтышат. Навои мектебинде иштеген кыргыз тилчи тажик улутундагы эжекелердин баардыгы «Манасты» талашып окутуп жүрүшөт. Бул аймактын окуучулары жыл сайын район боюнча жогорку упай алып, “Манас” эпосун айтуусу да өзгөчө болот. “Урааным Манас” сынагы окуучуларды кол телефондогу зыяндуу оюндардан алаксытып, билим алуусунда жакшы жыйынтыгын берип жатканы кубанычтуу көрүнүш».
“Урааным Манас” сынагына Кадамжай району боюнча жалпы жетекчилик кылган райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, » Эл агартуунун мыктысы», » Кыргыз тили» төш белгисинин ээси Мария Гапырованын маңдай терин агызган эмгеги менен ири ийгиликтер жаралууда.
Комментарийлер