УЛУУЛАР МЕНЕН ЖАШТАРДЫ ЖАНАШТЫРГАН ТИЛ МАЙРАМЫ
- 24.09.2021
- 0
Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгы Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде белгиленди.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери «Манас» жаштар уюму менен биргеликте мамлекеттик тил күнүнө карата тарбиялык сааттарды өтүштү.
Майрамдык иш-чараларды жыйынтыктоо иретинде жалпы мектеп окуучуларынын катышуусунда адабий-музыкалык кече уюштурулуп, анда «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, ыр-күүлөр жаңырды.
Эне тил майрамы катышуучулардын пикиринде ары пайдалуу, ары таасирдүү болду.
Замира Атакулова, Кара-Суу району
Бөлүшүү
Комментарийлер