улуу ЖЕҢИШке 80 ЖЫЛ: «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!»

  • 23.04.2025
  • 0

К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Улуу ата мекендик согушта жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» аттуу майрамдык концерт өтүп, ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын вице-мэри, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн төрагасы, Жалал-Абад облусунун «Славян диаспорасы» ассоциациясынын төрагасы катышты.

улуу ЖЕҢИШке 80 ЖЫЛ: "Эч ким, эч нерсе унутулбайт!"

Иш – чаранын алкагында тарыхый окуялар, көркөм чыгармалардан үзүндүлөр сахналаштырылып, согуш жылдарында «Жеңиш күнү», «Өткөн мезгилдин баатырлары жөнүндө», «Катюша», «Караңгы түн», «Жер төлөдө», «Кырк бешинчи жылдын жазы» ж.б.  ырлар жаңырды. Ошондой эле  Жалал-Абад жергесиндеги баатырлар: Тукубай Тайгараев, Розы Азимов, Михаил Бабкин, Василий Крикун, Евдоким Мазковдор жөнүндө маалымат берилди.

улуу ЖЕҢИШке 80 ЖЫЛ: "Эч ким, эч нерсе унутулбайт!"

Согуш жылдарындагы аскердик кийимчен каармандар, ППШ автоматтары, Мосиндин мылтыгы сыяктуу теаралдык жабдуулар, советтик туулар концерттик номерлерге ошол замандын чыныгы демин  тартуулады. Меймандардын жана катышуучулардын айтуулары боюнча, аталган майрамдык иш-чара жогорку уюштуруучулук жана көркөм деңгээлде өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер