УЛУУ «МАНАСТЫН» УҢГУЛУУ БААЛУУЛУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КИТЕП
- 03.02.2026
- 0
Улуу мурасыбыз “Манас” боюнча жаңы китеп жарыкка чыкты. Бул көбүнчө адис-филологдор окуй турган спецификалуу фольклористикалык эмгек эмес. Профессор Советбек Байгазиевдин “Улуу “Манас” эпосунун уңгулуу баалуулуктары” аттуу бул китеби адистерге гана эмес, жалпы калайык – журтка, карыга да, жашка да арналып, бардыгы окуй турган насыйкат китеп катары, ширелүү тил менен илимий-популярдуу формада жазылган.
Бардыгы окуй турган насыйкат китеп дегенибиздин себеби, С. Байгазиевдин бул эмгегинде улуу “Манастын” казынасында чөгүп жаткан, бардык окурмандарды кызыктырган баалуулуктар: эркиндик, кыргыз калкынын азаттыгы, ата журт боштондугу, эл-жерди сүйүү, мекенчилдик, ар-намыстуулук, журт биримдиги, жарандык ынтымак, элдик дипломатия, калк аралык достук, адилеттүүлүк, адамгерчилик, айкөлдүк, акылмандык, табият менен шайкештик, адептүүлүк, ата-энени ыйык тутуу, тарыхый эстутум, эмгекчилдик, жамаатчылдык, улут келечегин ойлонгон кеменгерлик, улут ордосун, мамлекетти коргоо, сактоо, чыңдоо, гуманизм, махабат жана башка ушул сыяктуу кечээ да, бүгүн да, эртең да маанисин жоготпой турган, кыргыздын өблөс-өчпөс дөөлөттөрү, улуттук рухтун өзөгүндө жаткан тирек-нарктар кыска-нуска мисалдар менен талдалып, чечмеленип берилген. Мына ушинтип, СССРдин тушунда, тоталитардык коммунисттик идеологиянын үстөмдүгүнүн шартында кенен-чонон жазууга, даңазалоого жайылтууга мүмкүн болбогон океандай эпосубуздун рухий-патриоттук баалуулуктары, “Манасты” “Манас” кылып турган, аны дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп турган, улуу нарк-дөөлөттөр бүгүнкү эгемдүүлүктүн доорунда С. Байгазиевдин китебинде кең-кесири баяндалып отурат.
Китеп этикалык-философиялык, адабий-фольклористтик, манастаануучулук, культрологиялык, политологиялык, педагогикалык кеңири кругозор менен жазылган. Эгер биз мурда эпостун сюжетин, окуяларын, каармандарын билип келсек, С. Байгазиевдин китебинен ошол сюжеттин, окуялардын, образдардын ары тереңинде жаткан асылбаа руханият, элибизди эл кылып сактаган эскирбес этикалык эреже-жоболор, идеялык кенчтер менен таанышабыз жана “Манастын чыныгы рух энциклопедиясы экенине ынанбай койбойбуз.
С. Байгазиевдин кеп болуп жаткан китеби окурмандын жан дүйнөсүндө “Манас” менен сыймыктанууну жаратат жана улуттук өзүн өзү аңдап түшүнүү сезимин ойготуп, мекенчилдикке, ар-намыска шыктандырат. Эгерде манастаануучунун бул китеби түрк тилдерине жана башка чет тилдерине которулса, улуу “Манас” эпосун эл аралык аренада жаңы деңгээлде тааныштырууга өз салымын кошор эле деген ойдобуз. Ошондой эле, тарбиячыларыбыз үчүн табылгыс курал. Бул курал “Манастын” ар бир баалуулугун бүгүнкү күн менен байланыштырып карагандыгы менен да баалуу. Аталган китепке жайгашкан “Манастын” уңгулуу баалуулуктары С. Байгазиевди мындан мурда чыккан Манастаануу боюнча эмгектеринде, окуу китептеринде да жарыяланып, мектептерде, жогорку окуу жайларында, илимий-конференцияларда талкууланып, жактырылып, апробациядан өткөн. Маселен, “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” аттуу китебин (“Улуу “Манастын” уңгулуу баалуулуктары” ушул китептин негизинде жазылган) көп нускада чыгарып, калайык-калкка кеңири таратуу боюнча илимий-практикалык семинарлардын, конференциялардын катышуучулары тарабынан жогорку инстанцияларга, өкмөткө бир нече ирет коллективдүү кайрылуулар жөнөтүлгөн. Бирок мурдагы чоңдор уккан эмес. Азыркы “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужол идеологиясын турмушка ашыруунун шарттарында С. Байгазиевдин “Улуу “Манас” эпосунун уңгулуу баалуулуктары” китеби эл-журтка кеңири жайылтылат деген үмүттөбүз. Анткени бул китеп ар бир жаранды “Мен Манас атанын урпагымын!”- деп өзүн сыймыктуу алып жүрүшүнө сүрөө боло турган китеп. Ал эми Манас рухун көөдөнүндө көтөрүп жүргөн, улуттук иденттүүлүгү бар атуул-мамлекетибиздин ички бекемдигинин кепилдиги.
Б. Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын “Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү” лабораториясынын ага илимий кызматкери
Комментарийлер