Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

  • 06.03.2026
  • 0

Кыргызстанда Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анын негизги максаты – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыз кылган бирдиктүү улуттук санариптик экотутумдун иштешинин укуктук негиздерин түзүү болуп саналат.

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү системасына катышуучулардын санариптик ресурстарын кошуу үчүн күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталды. Бул мекеме коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын жана санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берет.

Жобо Улуттук экосистеманын субъекттерин (катышуучуларын), алардын укук-милдеттерин жана экосистеманын объектилерин аныктайт. Ошондой эле санариптик реестрди жүргүзүү тартибин, маалымат булактарын иштетүү эрежелерин жана Tunduk системасы аркылуу санариптик өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин камтыйт.

Мындан тышкары документте мамлекеттик кызмат көрсөтүү фабрикасынын иштөө эрежелери, архитектурасы жана экосистеманын катышуучуларынын ортосундагы талаштарды, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды пайдалануучулардын даттанууларын кароо тартиби да каралган.

Нурлан Кыдыков, 

“Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер