УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАП ЖҮРҮП ЖАТАТ

  • 07.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектеп окуучулары арасында өткөрүлүүчү Улуттук олимпиаданын IV — республикалык этабы учурда жүрүп жатканын билдирди.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАП ЖҮРҮП ЖАТАТ

Маалыматка ылайык, азыркы тапта физика жана информатика сабактары боюнча финалдык тур өткөрүлүүдө. Ал эми математика, химия жана биология предметтери боюнча республикалык этап 1-апрелден 5-апрелге чейин уюштурулуп, жыйынтыктары чыгуу алдында турат. Бардык предметтер боюнча жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин аларды сыйлоо аземи өткөрүлөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук олимпиада жыл сайын төрт баскычтан турат. Анын I жана II этаптары онлайн форматта өткөрүлсө, III жана IV этаптары салттуу офлайн режиминде уюштурулат.

Олимпиаданын негизги максаты — зээндүү жана таланттуу окуучуларды аныктоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштерге кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Мындан тышкары, бул сынак математика, физика, химия, биология жана информатика багыттары боюнча эл аралык олимпиадаларга катыша турган Кыргызстандын курама командасын түзүү жана даярдоого өбөлгө түзөт.

Республикалык этап — окуучулардын билим деңгээлин гана эмес, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык мамилесин жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн текшерген маанилүү баскыч катары бааланат.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер