Улуттук нарк — улуттун жүзү
- 03.03.2026
- 0
“Элдин өмүрү — анын маданиятында” демекчи, ааламдашуу доорунда өсүп келе жаткан жаш муунга ата-бабадан калган асыл мурастарды, нарк-насилди, каада-салтты үйрөтүү билим берүү мекемелеринин башкы милдеттеринин бири. Ушул багытта Салибай Шатманов атындагы №39 Кызыл-Жар жалпы орто билим берүү мектеби 2025–2027-жылдарга карата “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында февраль айында бир катар мазмундуу иш-чараларды өткөрдү.
Мектеп жамааты окуучулар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тематикалык докладдар окулду. Класстар аралык таймаштар, улуттук оюндар жана баяндоолор уюштурулуп, ар бир иш-чара тарбиялык мааниси менен өзгөчөлөндү.

8-А жана 8-Б класстарынын ортосунда “Кыргыздардын улуттук оюндарын сактоо” темасында спорттук мелдеш өттү. Окуучулар ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш жана балбан күрөш боюнча күч сынашып, ар бир оюндун тарыхы жана эрежелери тууралуу маалымат беришти. Иш-чараны класс жетекчилери Буранова Бермет жана Болоталы кызы Азиза уюштуруп, улуттук оюндардын жаштар тарбиясындагы ордун баса белгилешти. Улуттук оюндар окуучуларды биримдикке, чыдамкайлыкка жана таза атаандаштыкка үндөй турганы дагы бир ирет далилденди.
Ал эми 6-А, 6-Б жана 6-В класстарынын арасында “Нарктуу жаран — улуттун жүзү” аттуу таймаш уюштурулуп, анда нарктуулукту жүрүм-турум аркылуу көрсөтүү, улуттук кийимдерди таанытуу, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү жана мазмундуу баяндоолор тартууланды. Окуучулардын даярдыгы, улуттук баалуулуктарды терең түшүнүүгө болгон аракети жогорку деңгээлде бааланды.

Мектептин технолог мугалими Акматов Бакыталы 5-А жана 5-Б класстарынын окуучулары арасында кол өнөрчүлүк боюнча чоң көргөзмө уюштурду. Кыздар шырдак шыруу, сайма саюу, чийүү өнөрүн көрсөтүшсө, уулдар жыгачтан буюм жасоо жана камчы өрүү боюнча чеберчилик сабактарын өтүштү. “Устадан шакиртке” принциби менен өткөн бул иш-чара улуттук кол өнөрчүлүктүн баалуулугун окуучуларга терең жеткирүүгө өбөлгө түздү.
Мындай саамалыктар мектепте билим менен тарбиянын айкалышын камсыздап, окуучулардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө кызмат кылууда. Иш-чаранын максаты билимдүү гана эмес, өз элинин тарыхын, маданиятын жана нарк-насилин урматтаган, жоопкерчиликтүү инсандарды тарбиялоо.






Комментарийлер