Улуттук нарк — мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы

  • 17.09.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” жана  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана  дене тарбиясы»  жөнүндө  Жарлыгынын алкагында “Жылдызы  жанган  Жалал-Абад” аталышындагы  улуттук  форум берекелүү Ала-Бука районунда эң  жогорку деңгээлде өттү.

 

Улуттук нарк - мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы

Иш-чарага Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  катчысы  Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн орун басары  Максат Сыдыков  жана үч райондун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун  бийлик өкүлдөрү, таланттуу , чыгармачыл инсандар катышты.

Улуттук форумда ата-баба табериги, улуттук идеялар, элдик каада-салт, адамдык  нарк-насил, жаштарга терең билим  жана таалим-тарбия берүү, дени сак  муунду туура  өстүрүү сындуу бир катар орчундуу маселелер талкууланды.

Улуттук нарк - мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы

Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  катчысы  Сүйүнбек Касмамбетов  улутту  улут  кылган, улут  учун  узартып, улут наркын арттырган тарыхыбызга, тилибизге, маданиятыбызга, ата-баба тарых-таржымалына, салт-санаасына токтолуп өттү. Ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болорун баса белгиледи.

Форумда  Добул Шабданов атындагы  Балдардын билим  берүү борборунун  эмгек жамааты нечен кылымдар бою муундан-муунга таберик болуп келаткан улуттук  кийимдер парадын уюштуруп, байыркы  кыргыз аялдарынын  кийимдеринин   коллекциясын көргөзүштү. Окуучулар жана мугалимдер тарабынан табигый жүндөн  жасалган “Кыргыз жери” этно көргөзмө  келген коноктордун купулуна толуп, өзгөчө кызыгууну арттырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер